Евразия экономикалык комиссиясы жана Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгы уюмунун (ДЖСУ) регионалдык өкүлчүлүгү Москвада 2022-2024-жылдарга Комиссиянын жана ДЖСУнун биргелешкен ишмердиги боюнча программага ылайык, майда кепшөөчү жаныбарлардын шарп ылаңы жана кара тумоосу маселелери боюнча семинар өткөрүштү.
Семинардын ишине ЕЭК кызматкерлери, ДЖСУнун алдыңкы эксперттери, Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын, ошондой эле алардын алдыңкы ведомстволук институттарынын жана лабораторияларынын кызмат адамдары жана эксперттери катышышты.
Дүйнөдөгү жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эпизоотиялык кырдаал, бул оорулар боюнча өлкөнүн тиешелүү статусун алуу үчүн аткаруу зарыл болгон ДЖСУ талаптары, ошондой эле аны алуу механизми каралды.
"ДЖСУнун сунуштамаларын жана дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен бул оорулардын чыгышын жоюу боюнча күч-аракеттерди бириктирүү өз ара соодадагы чектөөлөрдү алып салууну тездетүүгө мүмкүндүк берет жана биздин өлкөлөрдүн экспорттук потенциалын өстүрүүгө өбөлгө түзөт", — деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко.Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директорунун орун басары Владимир Субботин Бирликте эпизоотиялык бакубатчылыкты камсыздоонун укуктук негиздерин белгиледи. Ал ЕАЭБ аймагында шарп оорусунун очокторунун алдын алуунун, локалдаштыруунун жана жоюунун жалпы принциптерин жана эрежелерин колдонуу тартибине тиешелүү ЕЭК актыларды даярдоо боюнча Комиссиянын иши жана ДЖСУнун статустарын таануу жөнүндө сертификаттарды алууда ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө айтып берди.
ДЖСУнун шарп ылаңы боюнча референттик борборунун өкүлү семинардын катышуучуларын дүйнөдө майда кепшөөчү жаныбарлардын шарп ылаңынын жана кара тумоосунун таркалышы, мүчө мамлекеттер үчүн экзотикалык болуп эсептелген SAT-2 серотибиндеги шарп вирусу ЕАЭБдин аймагына кирүүсүнүн жогорку тобокелдиги, ошондой эле шарпка каршы жаңы вакцинаны жаратуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдады. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү өз региондорунда майда кепшөөчү жаныбарлардын шарп ылаңы жана кара тумоосу боюнча эпизоотиялык кырдаал жөнүндө билдиришти, бул оорулар боюнча ДЖСУ статусун алуу боюнча иш тажрыйбалары менен алмашышты.
ДЖСУнун шарп боюнча расмий статусун алуу үчүн документтерди берүү тартиби жана ыкмасы боюнча практикалык көнүгүүлөр семинардын катышуучуларына эксперттер кетирген жалпы каталарды түшүнүүгө жардам берди.
Семинардын жүрүшүндө алынган билимдер ЕАЭБ мамлекеттеринин ветеринардык адистерине пайдалуу болот. ДЖСУнун сунуштамаларын эске алуу менен алар өз мамлекеттеринин аймагына майда кепшөөчү жаныбарлардын шарп ылаңынын жана кара тумоосунун киришин жана таралышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө, ошондой эле бул ылаңдар боюнча ДЖСУнун тиешелүү статустарын алууда жардам беришет.
Маалымат
ДЖСУ бүткүл дүйнөдөгү жаныбарлардын саламаттыгы үчүн жоопкерчиликтүү болгон, өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. Ал БСУнун референттик уюму катары таанылган.
Шарп — ача туяктуу жана берчтамандуу үй жана жапайы жаныбарлардын өтө жугуштуу вирустук оорусу, ал ысытма, ооз көңдөйүнүн былжыр челинин, желиндин терисинин, кундуздун, туяктар аралык жараканын жана жумшак эттин везикулярдык (афтоздук) жабыркоосу менен билинет. Шарп ылаңы чек ара аралык инфекцияларга, башкача айтканда, улуттук чек араларга карабастан тез жайылууга жөндөмдүү, экономикалык мааниси чоң болгон жана өлкөлөр ортосундагы соодага жана азык-түлүк коопсуздугуна таасир этүүчү ооруларга кирет. Шарп менен адамдар да оорушу мүмкүн.
Майда кепшөөчү жаныбарлардын кара тумоосу — жогору контагиоздук вирустук оору. Ал негизинен койлорду жана эчкилерди, кээде жапайы майда кепшөөчү жаныбарларды жабыркатат. Төөлөр, бодо мал жана буйволдор бул ылаңга сезгич деп эсептелет, бирок майда кепшөөчү жаныбарлардын кара тумоосу вирусунун циркуляциясындагы алардын потенциалдуу ролу расмий түрдө аныктала элек. Майда кепшөөчү жаныбарлардын кара тумоосу Африкада, Түштүк Африкадан, Араб жарым аралынан тышкары, Жакынкы жана Орто Чыгыштын көпчүлүк өлкөлөрүндө жана Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азияда таралган. Ал адатта курч формада өтөт жана ысытма, көздөн жана мурундан илээшме суюктук, ич өткөк жана пневмония, ар кандай былжыр челдердин, айрыкча ооз көңдөйүнүн эрозиясы менен мүнөздөлөт. Анын ичинде шарп менен окшош клиникалык көрүнүшкө ээ.