ЕЭК жана ДЖССУ бодо малдын губка сымал энцефалопатиясы боюнча консультацияларды өткөрүштү

Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмуна (ДЖССУ) өлкөнүн бодо малдын губка сымал энцефалопатиясы (BSE) боюнча расмий статусун алууга билдирме берүү жол-жобосуна, тобокелдиктерди баалоо жана эпизоотологиялык көзөмөл жүргүзүүгө байланышкан маселелер, тиешелүү статусту алуу үчүн аткарылышы зарыл болгон ДЖССУ талаптары, соода жүргүзүүдөгү ДЖССУ сунуштамалары Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан ДЖССУ Европа боюнча региондук өкүлчүлүгү менен биргеликте Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органдары үчүн уюштурулган консультациялардын жүрүшүндө каралды.

"BSE боюнча тобокелдиги көзөмөлдөнүүчү же төмөн болгон өлкө статусун алуу маселелери бүгүнкү күндө актуалдуу, анткени өлкөдө мындай статустун болушу анын экспорттук потенциалын кыйла бекемдөөгө мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директорунун орун басары Владимир Субботин.

ДЖССУ тарабынан кабыл алынган BSE боюнча Кургактагы жаныбарлардын кодексинин стандарттарындагы өзгөртүүлөргө жана аларды практикалык колдонууга олуттуу көңүл бурулду. Негизги өзгөртүүлөр чекиттүү эпизоотологиялык көзөмөл тутумунан максаттуу тутумга өтүүдөн, ошондой эле козгогучтун кирип келүү тобокелдигин баалоонун жыйынтыктарына карабастан, анын мал башына таасир этүү тобокелдигин баалоону жүргүзүү зарылдыгынан турат. BSE боюнча улуттук деңгээлдеги көзөмөл тутумдарын ДЖССУ талаптарына шайкеш келтирүү үчүн "BSEге максаттуу эпизоотологиялык көзөмөл жүргүзүү боюнча колдонмо" иштелип чыкты.

"Бул оору боюнча ДЖССУ стандарттарын түшүнүү өлкөнүн BSE боюнча расмий статусун алууга билдирме даярдоосу үчүн биринчи кезектеги мааниге ээ. Бул иш өлкөнүн бүтүндөй ветеринардык кызматынын, анын ичинде мамлекеттик органдардын, лабораториялык мекемелердин жана ветеринардык адистердин катышуусун талап кылат", – деп баса белгиледи ДЖССУнун Регионалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Будимир Плавшич.

Иш-чаранын катышуучулары өлкө тарабынан буга чейин алынган BSE боюнча ДЖССунун расмий статусун тастыктоо механизми жөнүндө маалымат алышты, аны жыл сайын жүргүзүп туруу зарыл.

BSE боюнча көзөмөлдөнүүчү же анча чоң эмес тобокелдиги бар расмий статустарды алуу, ошондой эле ооруну көзөмөлдөө тутумун уюштуруу боюнча оң тажрыйбасы менен "Бүткүл россиялык жаныбарларды коргоо илимий-изилдөө институту" федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинин кутурма жана BSE боюнча россиялык референттик лабораториясынын жана Улуу Британиянын Айлана-чөйрө, азык-түлүк жана айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү бөлүштү.

Консультацияларга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын жана ведомствого караштуу мекемелеринин өкүлдөрү катышты. ДЖССУнун, "БЖКИИИ" ФМБМнин, Улуу Британиянын Айлана-чөйрө, азык-түлүк жана айыл чарба министрлигинин алдыңкы эксперттери, ошондой эле көз карандысыз эксперттер презентациялар менен чыгып сүйлөштү.

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюму бүткүл дүйнөдөгү жаныбарлардын саламаттыгы үчүн жоопкерчиликтүү болгон, өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. Ал ДСУнун референттик уюму катары таанылган.

Бодо малдын губка сымал энцефалопатиясы – узак инкубациялык мезгили менен өнөкөт оору, аны диагностикалоо жана эпизоотикалык жагдайды мониторингдөө олуттуу уюштуруучулук күч-аракеттерди жана материалдык чыгымдарды талап кылат. Өлкөдө бул оорунун катталышы мал этинин жана ири мүйүздүү малды союудан алынган башка продукциянын Бирликтин башка мамлекеттерине өткөрүлүшүн, ошондой эле үчүнчү өлкөлөргө экспортун кескин түрдө чектейт (тыюу салууга чейин).