Комиссиянын атынан иш-чаранын катышуучуларын Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директорунун орун басары Владимир Субботин чыгып сүйлөп, ЕЭК 2014-жылы түзүлгөн Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында ДЖДУ менен ийгиликтүү кызматташуунун он жылдан ашуун тажрыйбасына ээ экендигине көңүл бурду.
"Талкуулануучу маселелердин актуалдуулугу кой жана эчкилердин чечек ылаңы мал чарбачылыгына чоң зыян келтиргендиги, эл аралык соодада олуттуу чектөө чараларын белгилөөгө жана анын натыйжасы катары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспорттук потенциалын төмөндөтүүгө алып келиши менен шартталган", – деп белгиледи Владимир Субботин.
ДЖДУнун Европа боюнча Регионалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Будимир Плавшич чечек сыяктуу коркунучтуу кой-эчки ылаңына каршы күрөшүүдө өлкөлөрдүн кызматташтыгынын жана жалпы аракеттеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
ДЖДУ эксперттери салттуу түрдө Дүйнөлүк уюмдун кой жана эчкилердин чечек ылаңы үчүн стандарттары жана сунуштары боюнча серепти, европалык региондо учурдагы эпизоотиялык кырдаал, ошондой эле 2026-жылы пландаштырылып жаткан бул оору боюнча ДЖДУ кодексине негизги өзгөртүүлөр боюнча кыскача серепти сунушташты.
Вебинардын жүрүшүндө өз региондорундагы эпизоотиялык кырдаал жана майда мүйүздүү малдардын чечек ылаңына карата иштер жөнүндө катышуучуларга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын, ошондой эле "Жаныбарлардын ден соолугун коргоо федералдык борбору" ФМБМнын өкүлдөрү билдиришти. Келерки жылы Бирлик өлкөлөрүнүн кой жана эчкилердин чечек ылаңы боюнча лабораториялар аралык салыштыруу сыноолорун өткөрүү зарылдыгы белгиленди.
Бир катар европалык өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын өкүлдөрү жана ДЖДУ делегаттары – Болгария, Сербия, Греция жана Грузия – бул өлкөлөрдүн аймактарында оорунун чыгышына каршы күрөшүү тажрыйбасы, эпизоотологиялык иликтөөнүн жыйынтыктары жана аларды локалдаштыруу жана жоюу учурунда пайда болгон көйгөйлөр жөнүндө айтып беришти. Жаныбарларды эмдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Вебинардын катышуучуларына ЕАЭБ өлкөлөрүндө эпизоотиялык коопсуздуктун лабораториялык мониторингин автоматташтырууга комплекстүү ыкманы киргизүү жөнүндө маалымат берилди.
Жыйынтыгында Владимир Субботин иш-чарада алынган маалымат, ДЖДУ стандарттарын жана сунуштамаларын колдонуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ветеринардык адистерине майда мүйүздүү малдын чечек ылаңынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ишин уюштурууга жардам берерине ишенимин билдирди.
Вебинар Комиссиянын жана ДЖДУнун 2025-2027-жылдарга карата Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын бекитилген программасына ылайык уюштурулган.
Иш-чарага КМШнын Аткаруу комитетинин жана ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекеттердин – Кубанын жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышышты.
Дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугу уюму (ДЖДУ) – дүйнө жүзү боюнча жаныбарлардын ден соолугун жакшыртуу жана глобалдык эпизоотиялык бейпилдикти камсыз кылуу максатын көздөгөн алдыңкы эл аралык уюм. ЕЭК жана ДЖДУ 2014-жылдагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жана аны ишке ашыруу боюнча 2025-2027-жылдарга карата иш-чаралар программасынын алкагында кызматташат.
Кой чечеги жана эчки чечеги – майда мүйүздүү малдын өтө жугуштуу вирустук ылаңдары. ДЖДУ классификациясы боюнча алар жаныбарлардын эпизоотияны пайда кылууга жана чоң экономикалык зыян келтирүүгө жөндөмдүү чек ара аралык ылаңдарына кирет.