Жаңылыктар

27.01.2023 (Обновлено: 02.02.2023 14:21)

ЕЭК жана ЮНКТАД атаандаштык чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген регионалдык уюмдардын жолугушууларын улантуу жөнүндө макулдашышты

Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султанов бүгүн Женевада (Швейцария) ЮНКТАД башкы катчысынын орун басары Педро Мануэль Морено жана ЮНКТАД атаандаштык саясаты жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Тереза Морейра менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Талкуунун негизги темасы атаандаштык чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген регионалдык уюмдар менен Комиссиянын кызматташуусу болду.

"Биргелешкен иштин алкагында, атаандаштык чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген регионалдык уюмдардын ар жылдык жолугушууларын уюштуруу демилгесине ЮНКТАД колдоо көрсөткөнүн белгилеп кетким келет. Эки жыл катары менен ЮНКТАДдын колдоосу менен биз дүйнөнүн бардык континенттеринен интеграциялык бирикмелерди жалпы дискуссия үчүн чогултуп жатабыз. Бул Анд коомчулугу, КОМЕСА, КАРИКОМ, ЗАЭВС, АСЕАН", – деп белгиледи Бахыт Султанов.

ЮНКТАДдын башкы катчысынын орун басары Педро Мануэль Морено ЮНКТАД менен ЕЭКтин атаандаштык боюнча блогунун ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү белгилеп, анын мындан ары бекемделишине үмүтүн билдирди.

Мындан тышкары, тараптар ЮНКТАДдын трансчек аралык картелдер боюнча жумушчу тобунда ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун катышуусун талкуулашты. 

"Биз бул топтун ишинин маанилүүлүгүн жана бул чөйрөдөгү эң мыкты тажрыйбаны системалаштырган документти даярдоого жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жана жаш ведомстволорго эң пайдалуу боло турган айрым сунуштарды иштеп чыгууга умтулуусун баса белгилейбиз", – деп кошумчалады министр. 

Жолугушуунун катышуучулары ЮНКТАДдын атаандаштык саясатынын жана чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүнүн өз ара байланышы маселелери боюнча долбооруна, ошондой эле бул багытта дискуссияны андан ары тереңдетүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту.

Бахыт Султанов ЮНКТАДдын атаандаштык жана керектөөчүлөрдүн укуктары жаатындагы саясат боюнча бөлүмүнүн өкүлдөрүн ушул жылдын 24-25-майында Россияда өтө турган II Евразия экономикалык форумунун талааларында атаандаштык боюнча сессияда чыгып сүйлөөгө чакырды.