Евразия экономикалык комиссиясы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соода укугу боюнча комиссиясы (ЮНСИТРАЛ) 28-сентябрда мамлекеттик сатып алуулар маселелери боюнча семинар өткөрүштү. Иш-чара бул чөйрөдөгү ЕЭК менен ЮНСИТРАЛдын кызматташтыгынын алгачкы тажрыйбасы болуп калды.
ЮНСИТРАЛдын Катчылыгынын, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнүн жана эл аралык эксперттердин катышуусунда өткөн семинарда сатып алууларды санариптештирүү, электрондук тутумдар, ачык маалыматтар, берүүчүлөрдүн чек ара аралык жеткиликтүүлүгү жана жасалма интеллектти колдонуу маселелери талкууланды.
Семинардын жыйынтыгы боюнча катышуучулар мамлекеттик сатып алуулар маселелери боюнча ЕЭК менен ЮНСИТРАЛдын ортосундагы диалогду улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.«Евразия экономикалык комиссиясы үчүн улуттуктан жогорку орган катары мамлекеттик сатып алуулардын чек ара аралык аспектиси жана аларды аймактык жөнгө салуунун өзгөчөлүгү өзгөчө кызыгууну туудурат. Электрондук кол тамганы өз ара таануу, келишимдер жөнүндөгү ачык маалыматтардын салыштырмалуулугу, берүүчүлөрдүн чек ара аралык жеткиликтүүлүгү боюнча ЮНСИТРАЛдын Катчылыгы менен пикир алмашуу ЕЭК үчүн өтө баалуу», – деп белгиледи ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович.