Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Сергей Шкляев Далянь шаарында (Кытай) болуп өткөн Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын алкагындагы жогорку деңгээлдеги кызмат адамдарынын жолугушуусунда билдирди.
АТЭСтин «Бажы — Бизнес» диалогунун пленардык сессиясында сөз сүйлөп жатып, ЕЭК министри Комиссия Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери менен биргеликте бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча ишти улантып жаткандыгы тууралуу маалымдады. Анын айтымында, «бешилтик» өлкөлөрүндө долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда, алардын катарында навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарларды ташууга көз салуу механизмин киргизүү, интеллектуалдык өткөрүү пункттарын түзүү жана башка бир катар долбоорлор бар.
ЕЭК министри ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын жетекчиси Сунь Мэйцзюнь менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.«Биз келечектүү маалыматтык технологияларга негизделген, ошол эле учурда контролдун сапатын жана деңгээлин жогорулатуу менен бажы операцияларын жүргүзүүнүн ылдамдыгын камсыз кылган бажылык жөнгө салуунун заманбап, натыйжалуу тутумун түзүүгө умтулабыз, – деп белгиледи Сергей Шкляев. – Бул үчүн биз АТЭСке катышуучу мамлекеттердин укуктук инструменттерине жана практикаларына, ошондой эле алардын бажы менен бизнестин ортосунда натыйжалуу диалог түзүүдөгү тажрыйбасына өзгөчө көңүл буруп, эл аралык тажрыйбаны кылдат изилдеп жатабыз».
Комиссиянын жана Кытайдын бажы кызматынын кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Жолугушуунун борбордук темасы тиешелүү макулдашууда каралган ЕАЭБ мамлекеттеринин бажы кызматтарынын жана КЭРдин Башкы бажы башкармалыгынын (КЭР БББ) ортосундагы маалымат алмашууну практикалык ишке ашыруу болду. Ушуга байланыштуу Сергей Шкляев Комиссия жана Бирликтин өлкөлөрү эл аралык сооданын айкындуулугун жогорулатуу үчүн ЕАЭБге кирбеген мамлекеттердин бажы органдары менен маалымат алмашууга чоң маани берерин баса белгиледи.
Тараптар зарыл болгон укуктук негизди макулдашууну мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө аяктоого жана мындай алмашууну практикалык ишке ашырууга өтүүгө кызыкдар экендигин ырасташты.
ЕЭК министри кытайлык кесиптештерине Бирликтин мейкиндигинде Бирдиктүү бажы транзити тутумун түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады. Тиешелүү макулдашууга 2024-жылдын декабрында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары тарабынан кол коюлган жана ал 2026-жылдын июнунда күчүнө кирген.
Ошондой эле ЕЭК министри Кытай «бешилтик» өлкөлөрүнүн негизги соода өнөктөшү болуп саналарын жана анын долбоорго катышуусу товарлардын кыймылын тездетүүнүн эсебинен евразия мейкиндигинин транзиттик потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгиледи.«Бирдиктүү транзиттик тутум дүйнөлүк мыкты практикаларга негизделет жана транзиттик ташуулар үчүн бир катар жөнөкөйлөтүүлөрдү, анын ичинде бирдиктүү транзиттик декларацияны, бирдиктүү каржылык кепилдикти колдонууну, башка бажы кызматтарынын бажы контролунун натыйжаларын таанууну, ошондой эле навигациялык пломбаларды пайдаланууну карайт, – деп түшүндүрдү Сергей Шкляев. – Бул тутум ачык болуп саналат жана ага ЕАЭБдин мүчөсү болбогон өлкөлөр кошула алышат».
Жолугушууда КЭРдин «Акылдуу бажы» багыты боюнча демилгелери, бажылык башкаруунун алдыңкы практикалары жана аларды ЕАЭБ алкагында колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы – региондун өлкөлөрүнүн соодалык өз ара аракеттенүүсү үчүн түзүлгөн кадыр-барктуу эл аралык аянтча. АТЭСке ЕАЭБ менен түздөн-түз чектеш мамлекеттер да, ошондой эле Кытай, Вьетнам жана Индонезия сыяктуу бирикменин олуттуу соода өнөктөштөрү болгондор да катышат.