Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын отурумунда "бирдиктүү терезе" механизмин өнүктүрүү үчүн тышкы экономикалык ишмердүүлүктө жасалма интеллекттин элементтерин киргизүүнүн жана колдонуунун эл аралык тажрыйбалары каралды.Документ алдыңкы маалыматтык-коммуникациялык технологияларга таянуу менен "бирдиктүү терезе" механизмин жана анын элементтерин өнүктүрүүгө жана ишке киргизүүгө карата заманбап дүйнөлүк мамилелерди чагылдырат.
Сереп Комиссиянын эки жылда бир жолу чыгарылуучу материалдар сериясынын уландысы болуп саналат. Буга чейин блокчейн, чоң маалыматтар, буюмдар Интернети жана башкалар сыяктуу санариптик технологиялар чагылдырылган.
Серепти даярдоодо Дүйнөлүк бажы уюмунун расмий отчеттору жана КЭРдин, Нидерланддардын жана Сингапурдун мамлекеттик органдарынын бажы ишине интеллектуалдык моделдерди жана жасалма интеллекттин технологияларын киргизүү боюнча маалыматы колдонулган.
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө өлкөлөрүнүн "бирдиктүү терезе" механизмдеринде ЖИ элементтерин колдонуу боюнча алдыңкы иштеп чыгууларга басым жасалды.
Дүйнөлүк тажрыйбаларды талдоо Бирликтин мамлекеттерине жасалма интеллект жаатында перспективалуу чечимдерди натыйжалуу адаптациялоого жана ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана тышкы соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө өбөлгө түзөт.