Жаңылыктар

22.11.2022 (Обновлено: 29.11.2022 17:40)

ЕЭК өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде тышкы электрондук соода жаатында жаңы чечимдерди даярдоодо

21-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директорунун орун басары Нурлан Байназаровдун төрагалыгы астында экспресс-жүктөргө жана эл аралык почта жөнөтүүлөрүнө карата бажылык операцияларды аткаруу тартибин өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.
Эксперттер Комиссиянын Евразия экономикалык бирлигинде тышкы электрондук соода жаатындагы сынамык долбоорду ишке ашырууда экспресс-жүктөр үчүн декларацияга түзөтүүлөрдү толтуруунун өзгөчөлүктөрүн аныктоого тиешелүү чечиминин долбоорун макулдашышты.

Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө экспресс-жүктөр үчүн декларацияны толтуруу эрежелерин жана сынамык долбоорду жүргүзүүдө колдонулуучу, аларды интернет-дүкөндөр жеке жактарга сатуусунда, ага чейин бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган электрондук сооданын товарларын контролдон автоматтык түрдө алып салуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого багытталган, берилгенге чейин товарларды чыгаруу жөнүндө арызга өзгөртүүлөр талкууланды.


Маалымат

Комиссиянын Кеңешинин 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 7 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде тышкы электрондук соода жаатында пилоттук долбоорду (эксперимент) жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" тескемесине ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан 2022-жылдын 31-декабрына чейин (узартуу мүмкүнчүлүгү менен) Бирликтин мүчө мамлекеттеринде тийиштүү пилоттук долбоор (эксперимент) жүргүзүлөт.

ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 27 "Евразия экономикалык комиссиясынын 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 7 тескемесинин 6-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" тескемеси менен экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларацияны түзөтүүлөрдү толтуруунун өзгөчөлүктөрү Комиссия тарабынан аныкталуусу боюнча ыйгарым укуктар каралган.