ЕЭК өнөр жай майлуу спирттерине алып келүү бажы алымын үч жылга нөлгө түшүрдү
23.09.2025
Бул товарлар суюк жуугуч жана тазалоочу каражаттарды, ошондой эле косметика, металлургия, текстиль, булгаары, боек, кагаз, тамак-аш, медициналык өнөр жай жана айыл чарба тармактарында колдонулган беттик активдүү заттарды алуу үчүн баштапкы чийки зат болуп саналат.
Учурда өнөр жайлык майлуу спирттер Евразия экономикалык бирлигинде өндүрүлбөйт, ошондуктан керектөөлөр импорттук жеткирүүлөрдүн эсебинен канааттандырылат.
"Кабыл алынган бажылык-тарифтик жөнгө салуу чарасы Бирликтин өлкөлөрүндөгү беттик активдүү заттардын өндүрүүчүлөрүн колдоого, даяр өздүк наркын азайтууга, ошондой эле ЕАЭБдин ички рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга жардам берет", – деп белгиледи ЕЭКтин Бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.
Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.
ЕЭК Коллегиясынын мурда кабыл алынган чечимдерине ылайык бажы наркынан 0% өлчөмүндөгү алып келүү бажы алымынын чени каралып жаткан товарларга карата 2015-жылдын апрелинен 2017-жылдын декабрына чейин, 2018-жылдын сентябрынан 2021-жылдын августуна чейин, ошондой эле 2022-жылдын апрелинен 2025-жылдын мартына чейин колдонулган.