Евразия экономикалык бирлигинин экономикалык өнүгүүсүнүн Негизги багыттарын иштеп чыгуу ыкмалары Евразия экономикалык комиссиясынын, Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин, ошондой эле Евразия кызматташтыгынын Финансы-бизнес ассоциациясынын (ЕАК ФБА) биргелешкен тегерек столунда каралды.
Комиссия тарабынан уюштурулган Сессия ЭӨНБ иштеп чыгууга карата мамилени тандоого арналды. Анын модератору ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Алексей Ведев болду. Талкууга дүйнөлүк экономика, эл чарбасын болжолдоо, табигый монополиялар боюнча эксперттер, ошондой эле инфраструктура жана транспорт маселелери боюнча адистер катышты.
Сессиянын катышуучулары ЕАЭБдин экономикалык өнүгүүсүнүн Негизги багыттары учурдагы геоэкономикалык шарттарды, дүйнөлүк соодадагы өзгөрүүлөрдү жана глобалдык деңгээлде күчөп жаткан чакырыктарды эске алышы керектигин баса белгилешти. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшү демографиялык жана технологиялык факторлорго, ошондой эле рыноктордогу тышкы кырдаалга жараша болоору белгиленген. Мындай шарттарда интеграцияны бекемдөө, кооперацияны өнүктүрүү жана өлкөлөр ортосунда кошумча нарк чынжырчасын түзүү өзгөчө маанилүү. Ошондой эле ички ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана стратегиялык пландоонун заманбап куралдарын колдонууга негизделген өсүүнүн жаңы моделин түзүү зарылдыгы тууралуу маселе талкууланды.
ЕЭКтин тегерек столу евразиялык "бешилтиктин" бардык өлкөлөрүнүн аянтчаларында өтө турган ЕАЭБдин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча мамилелерди талкуулоого арналган иш-чаралардын циклин ачты.
Евразия экономикалык бирлигинин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары — бул интеграциялык потенциалды жана атаандаштык артыкчылыктарды колдонуу аркылуу бирикменин ар бир мамлекети кошумча экономикалык натыйжа алышы үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн келечектүү багыттарын аныктоого багытталган документ.
Документ Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан бекитилет.