Жаңылыктар

23.11.2022 (Обновлено: 30.11.2022 10:10)

ЕЭК ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторунда Россия менен Казакстандан жардыргыч заттарды өндүрүүчүлөрдүн иш-аракеттеринде атаандаштыкты бузууларды тапкан жок

ЕЭКтин монополияга каршы жөнгө салуу департаменти тарабынан жүргүзүлгөн ишти иликтөөнүн материалдарын карап чыгып, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ушундай тыянакка келди.

Бир катар россиялык жана казакстандык өндүрүүчүлөрдүн жардыргыч заттарды жана от алдыргыч каражаттарды (детонаторлорду) Казакстандан чарбакер субъектке товар жеткирүүлөрдөн баш тартуусуна байланыштуу Комиссияга Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин кайрылуусу иликтөө үчүн негиз болгон. Материалдарда айрым өндүрүүчүлөрдүн аракеттеринде атаандаштыкка каршы макулдашуунун мүмкүн болгон белгилерин көрсөткөн маалыматтар камтылган, арыз берүүчүнүн пикири боюнча, бул белгилер казакстандык компаниянын жеткирүүлөрдөн баш тартуусунда болгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө жардыргыч заттарды өндүрүүчүлөр өнөр жай жаатындагы улуттук ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу жол-жобосунан өткөндөн кийин, продукцияны чыгарууга алдын ала контракт түзөөрү аныкталган. Ошол эле учурда ЕАЭБ өлкөлөрүндө жардыргыч заттарды жана от алдыргыч каражаттарды жарандык жүгүртүү иштин лицензиялануучу түрлөрүнө кирет, экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө уруксат алуу жол-жобосу бир топ татаал. Ошондуктан, товарды сатып алуунун кепилденген көлөмүн көрсөтпөстөн, коммерциялык сунуштун бир гана сурамынын болушу жаңы жеткирүү келишимин түзүү үчүн жетишсиз болуп саналат.

Ошону менен катар иликтөөнүн жүрүшүндө арыз ээси тарабынан нысапсыз аракеттердин айрым фактылары аныкталган, алардын ичинде келишимдик милдеттенмелердин бузулушу, өз убагында төлөөнүн жоктугу. Ошондуктан монополияга каршы иликтөө органы жардыргыч заттарды өндүрүүчүлөрдүн товарларды жеткирүүдөн баш тартуусун жарандык укуктук талаш-тартыштын предмети деп эсептеген.

Ишти кароонун жүрүшүндө изилденген бардык факторлордун жыйындысы ЕЭК Коллегиясына ЕАЭБдин жардыргыч каражаттарын өндүрүүчүлөрдүн ортосунда атаандаштыкка каршы макулдашуунун жоктугу жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүндүк берген.

Ошол эле учурда, бирдей атаандаштык шарттарын түзүү максатында, ЕЭК Коллегиясы Монополияга каршы жөнгө салуу департаментине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай жана жардыргыч заттарды өндүрүүчүлөр чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарына контрагенттерди тандоо жана басмырлоочу мамилени жасоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган, сатылып жаткан товарлардын баасын аныктоо боюнча эрежелерди иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министр Бахыт Султановдун айтымында, мындай эрежелерди кабыл алуу жардыргыч заттарды жана от алдыргыч каражаттарды жеткирүүчүлөрдүн ишинин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыздоого мүмкүндүк берет.

"Иликтөөнүн жүрүшүндө монополияга каршы блоктун өкүлдөрү менен ЕАЭБ жеткирүүчүлөрүнүн жолугушуулары өткөрүлдү. Эрежелерди иштеп чыгуу идеясын чарбакер субъекттер жактыргандыгын жана аларды аткарууга даярдыгын билдиргендигин белгилей кетким келет", – деп белгиледи министр.