Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы баалуу металлдардын калдыктарына жана сыныктарына (ЕАЭБ ТЭИ ТН 7112 30 000 0, 7112 91 000 0, 7112 92 000 0 жана 7112 99 000 0 коддору) карата ташып келүү бажы алымдарынын нөлдүк чендерин 2028-жылдын 31-декабрына чейин (кошо алганда) белгиледи.
Ал баалуу металлдар физикалык-химиялык касиеттеринен улам түрдүү тармактарда колдонуларын, ал эми алгачкы чийки зат булактары чектелүү экенин тактады."Өткөн мезгилде бажы-тарифтик жөнгө салуунун ушундай эле чарасын колдонуунун натыйжалуулугу Евразия экономикалык бирлигинин аффинаждык ишканаларынын өндүрүштүк кубаттуулуктарынын жүктөм деңгээлинин сакталып калышы, ошондой эле баалуу металлдардын калдыктарын жана сыныктарын керектөө көлөмүнүн жогорулашы менен ырасталат", – деп белгиледи ЕЭКтин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.
Баалуу металлдардын калдыктарына жана сыныктарына карата ЕАЭБдин ББТ ташып кирүү бажы алымдарынын колдонуудагы чендери бажы наркынын 15%ын түзөт.
Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн баштап 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
ЕЭК Коллегиясынын мурда кабыл алынган чечимдерине ылайык, каралып жаткан товарларга карата ташып кирүү бажы алымдарынын чендери бажы наркынын 0% өлчөмүндө 2015-жылдын июнунан тартып 2025-жылдын декабрынын аягына чейин колдонулат.