Башкы
/
Жаңылыктар
/
ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнеси менен Өзбекстан менен өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жана аларды четтетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулады
ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнеси менен Өзбекстан менен өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жана аларды четтетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулады
16.10.2025
Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында Өзбекстан Республикасы менен тармактык кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара соодадагы тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү боюнча семинар болуп өттү. Ага Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бийлик органдарынын, бизнес органдарынын жана эксперттик коомдоштугунун өкүлдөрү катышышты.
"Бүгүнкү семинар биздин өзгөчө өнөктөшүбүз – Өзбекстан Республикасына арналган, ал 2020-жылдан бери ЕАЭБдин алдында байкоочу-мамлекет болуп саналат. Кесиптештер менен ишти биз туруктуу режимде жүргүзүп келебиз, ал эми биздин кызматташтык стратегиялык мүнөзгө ээ", – деди ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.Статистиканын маалыматтарына ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Өзбекстан менен товар жүгүртүүсү туруктуу өсүүдө: өткөн жылы ал бир жарым эседен ашык көбөйгөн – 15,6 млрд доллардан 25 млрд долларга чейин. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн экспорттун тизмесине энергетикалык товарлар, кара металлдар, механикалык түзүлүштөр жана жабдуулар, жыгач, дан өсүмдүктөрү, кант, май кирет. Өнөктөш тарабынан ЕАЭБге текстиль, автомобилдер, электротехникалык продукция, азык-түлүк, жашылча-жемиш товарлары келип түшөт.
"Биз Өзбекстан менен сооданын өсүп жаткандыгын белгилейбиз, бирок ошол эле учурда сакталып жаткан тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктар да бар, – деп ЕЭК министри кошумчалап, иш-чаранын катышуучуларын жигердүү талкууга чакырды.Семинарда логистика, административдик жана бажы жол-жоболорун өркүндөтүү маселелери, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жеткирүүчү-экспортерлорун аккредитациялоо бөлүгүндө СФС-чараларынын проблематикасы, мамлекеттик сатып алууларга катышуу, ошондой эле өз ара эсептешүүлөр жана бизнести маалыматтык колдоо темалары каралды. Көпчүлүк эксперттер белгилеген негизги милдеттердин бири болуп Өзбекстандын жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарын жакындаштыруу боюнча иштер саналат.
"Соодадагы тоскоолдуктар боюнча маалыматтар, ошондой эле аларды четтетүү боюнча сунуштар системалаштырылат жана өз ара аракеттенүүнүн колдо болгон форматтарынын алкагында Өзбекстандан өнөктөштөр менен мындан ары диалогдо колдонулат", – деп жыйынтыктады Андрей Слепнев.