Жаңылыктар

15.06.2022 (Обновлено: 28.06.2022 13:25)

ЕЭК жашыл агрардык секторду өнүктүрүү үчүн ЕАЭБдин алкагында жалпы шарттарды иштеп чыгууга даяр

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян "Россиялык ритейл жумалыгы" VIII эл аралык бизнес жана бийлик форумунун алкагында өткөрүлгөн "Экомаркалоо: сегменттеги импортту алмаштыруу же гринвошинг менен күрөшүү" деп аталган панелдик талкууда билдирди.

Талкуунун катышуучулары өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн арасында органикалык айыл чарба концепциясын илгерилетүүгө, мамлекеттик жөнгө салууга жана гринвошингге, ошондой эле органикалык продукция рыногунун өнүгүү перспективаларына тиешелүү бир катар маселелерди карап чыгышты.

"Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте биздин Бирликте органикалык продукциянын эркин жүгүртүлүшүнө багытталган макулдашуунун долбоорун иштеп чыгууну аяктоодо. Органикалык продукцияны өндүрүүгө талаптарды бир түргө келтирүү үчүн Россия сапат тутумунун жетекчисинин төрагалыгы астында "Органикалык өндүрүш продукциясы" мамлекеттер аралык техникалык комитети иштеп, анын курамына ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринин өкүлдөрү кирди", – деп белгиледи Армен Арутюнян.

Ошондой эле, жолугушуунун катышуучулары ESG-принциптерин, туруктуу айыл чарбасына карата мамилелерди ишке ашырууну, ошондой эле эл аралык климаттык күн тартибин талкуулашты.

"ЕЭКтин агроөнөр жай блогу мүчө мамлекеттердин так жер иштетүү технологияларын колдонуудагы, жердин түшүм берүүчүлүгүн сактоо жана калыбына келтирүүдөгү, балык чарбасынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуудагы кызматташтыгын өнүктүрүүнү иштеп чыгууда. ЕЭК бизнес жана мамлекеттик органдар үчүн өз ара пайдалуу кооперациялык инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн мыкты аянтча болуп саналат", – деди Армен Арутюнян.

 Маалымат

Гринвошинг (англ. greenwashing) — брендге көңүл буруу жана керектөөчүдө компаниянын же товардын экологиялуулуктугу жөнүндө жалган түшүнүк жаратуу үчүн маркетингде жана PR-стратегияда экологиялык идеяларды пайдалануу.

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү