Жаңылыктар

13.05.2022 (Обновлено: 25.05.2022 15:41)

ЕЭК АӨКтө санариптештирүүнүн эл аралык тажрыйбасы жөнүндө серепти даярдады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы "АӨКтө санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн эл аралык тажрыйбасы: мамлекеттик колдоо, жөнгө салуу, практика" серебин жактырды. Документ Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жана бир катар үчүнчү өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексинде санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн санариптик сервистерин жана мамлекеттик колдоо чараларын сыпаттоону камтыйт. https://eec.eaeunion.org/upload/medialibrary/d62/Mezhdunarodnyy-opyt-razvitiya-tsifrovizatsii-v-APK-gosudarstvennaya-podderzhka_-regulirovanie.pdf

ЕАЭБдин эл аралык практикасын жана тажрыйбасын талдоо айыл чарбасында мамлекеттик жөнгө салуунун жана санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүнү колдоонун негизги багыттарын бөлүп көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Документте айыл жергесинде фундаменталдык фактор катары интернеттин жана маалыматтык-компьютердик технологиялардын физикалык жана экономикалык жеткиликтүүлүгүнүн мамлекеттик деңгээлине көмөк көрсөтүү, атайын акселерациялык программаларды ишке ашыруунун алкагында АӨК үчүн санариптик чечимдерди иштеп чыгууга гранттарды берүү, мамлекеттик илимий-техникалык программаларды ишке ашырууга дисциплиналар аралык мамилени колдонуу туурасында жазылат. Студенттердин жана айыл тургундарынын санариптик технологияларды, анын ичинде ЕЭК Коллегиясынын ушул жылдын март айында кабыл алынган сунуштамасына ылайык, так дыйканчылык технологияларын натыйжалуу колдонуу мүмкүнчүлүгү болушу үчүн, аларды окутуунун академиялык жана кыска мөөнөттүү программаларды колдонуу менен "санариптик сабаттуулугун" жогорулатуу зарылчылыгы жөнүндө айтылат.

Комиссиянын эксперттери баса белгилегендей, айыл чарбасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү процесстерин санариптештирүү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарына административдик жүктү азайтууга мүмкүндүк берет. Мамлекеттик маалымат базаларынын өз ара аракеттенүүсүн автоматташтырууну камсыздоо айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөргө субсидияларды кыйла жеткиликтүү кылат.

Бирликтин алкагында АӨКтү санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча серепте келтирилген тажрыйбаны колдонуу ички жана экспорттук рыноктордо тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болору болжолдонот.

https://eec.eaeunion.org/comission/department/dep_agroprom/gosudarstvennaya-podderzhka.php

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү