Товарларга декларацияны толтуруу тартибинин № 2 жана 3 тиркемелерине өзгөртүүлөр киргизилди жана алар товарларды бажылык декларациялоодо маалыматтарды көрсөтүү эрежелеринин бирдейлигин мындан ары өркүндөтүүгө багытталган.
Чечим көрсөтүлгөн тиркемелерди бир катар татаал, кымбат баалуу жана салык сыйымдуулугу жогору техникалык товарларга карата зарыл маалыматтардын деталдуу сыпаттамасы камтылган ЕАЭБдин ТИЭИ ТНдин тийиштүү коддору менен толуктайт.
ЕАЭБ Бажы кодексинин 105-беренесинин 5-пунктуна ылайык бажы декларациясын толтуруу тартиби ЕЭК тарабынан аныкталат."Тараптардын демилгелерин ишке ашыруу товарларды идентификациялоого жана бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатууга, анын ичинде товарларды чыгаргандан кийин, декларация берүүчүлөрдөн кошумча документтерди жана маалыматтарды суроону минималдаштырууга, башка кошумча текшерүү иш-чараларын өткөрүү ыктымалдуулугун төмөндөтүүгө көмөктөшөт", – деп белгиледи ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Сергей Шкляев.
Товарларга карата декларацияны толтуруу тартиби Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 чечими менен бекитилген.
Тартипке карата № 2 тиркеме ички керектөө, бажы кампасы, бажы аймагында кайра иштетүү, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү, убактылуу алып келүү (уруксат берүү), убактылуу ташып чыгаруу, реимпорт, реэкспорт, эркин бажы аймагы, эркин кампа үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу товарлардын айрым категориялары боюнча көрсөтүлгөн тактоочу маалыматтардын тизмесин камтыйт, ал эми № 3 тиркеме – экспорттун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды камтыйт.