Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан жапайы тирүү жаныбарларды алып чыгууга карата учурда аракеттенген уруксат берүү тартибин суу чарба объектилерине да карата колдонуу жөнүндө чечим кабыл алды.
"Чечим мыйзамсыз иштин натыйжасында кармалган суу биоресурстарынын баалуу түрлөрүн балык чарба продукциясы катары алып чыгуу учурларынын көбөйүшү менен шартталган", – деп белгиледи ЕЭКтин бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Уасиля Байкадамова.
Ал учурда Бирликте үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө аларга карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган жапайы жаратылыштын суу биоресурстарын алып чыгуунун уруксат берүү тартиби аракеттенет деп түшүндүрдү. Ошол эле учурда жапайы жаратылышта кармалган суу биоресурстарынын жана балык чарбасында өстүрүлгөн суу биоресурстарынын ар түрдүү келип чыгышын идентификациялоо техникалык жактан мүмкүн эмес.