ЕЭК Борбордук Азиялык эл аралык экономикалык форумунда өнөр жай кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрүн презентациялады

Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев 22-июлда Душанбеде "Евразиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө эл аралык уюмдардын ролу. Борбордук Азия – өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтары үчүн аймак" Борбор Азиялык эл аралык экономикалык форумунун панелдик сессиясында сөз сүйлөдү.

Николай Кушнарев өз сөзүндө Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнүн негизги аспектилерин жана мүмкүн болгон перспективаларын жана аларда Борбордук Азия мамлекеттеринин ролун белгилеп өттү.

ЕЭК Департаментинин башчысы ЕАЭБ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикаларынын узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн жаңы технологиялык форматтарга өтүү үчүн негиз түзө турган инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жолу менен микроэлектроника, машина куруу жана робототехника сыяктуу негизги заманбап тармактарда технологиялык жетишкендиктерге биргелешкен күч-аракеттерди топтош керек экендигине көңүл бурду.

"Борбордук Азия өлкөлөрү олуттуу ресурстук потенциалга ээ жана өнөр жай кубаттуулугунун динамикалуу өсүшү менен мүнөздөлөт. Бул жерде өлкөлөрдүн ЕАЭБ аймагында биргелешкен жогорку технологиялык өндүрүштөрдү түзүүгө катышуусу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле евразиялык инвестициялар жана жаңы технологиялык өнөктөштүк үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө", – деп баса белгиледи Николай Кушнарев.