Жаңылыктар

19.04.2022 (Обновлено: 17.05.2022 13:29)

ЕЭК цемент продукциясын өндүрүү тармагында кооперацияны өнүктүрүү үчүн сунуштаманы кабыл алды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 19-апрелде Евразия экономикалык бирлигинде аз көмүртектүү цемент продукциясынын өндүрүшүн демилгелөө үчүн сунуштаманы кабыл алды.

Талдоочулардын баалоолору боюнча, цемент өндүрүү тармагы парник газдарын чыгаруунун жогорку көрсөткүчтөрү менен эң энергия сыйымдуу тармактардын бири болуп саналат. Глобалдык климаттык күн тартибинин талаптарын эске алуу менен, аз көмүртектүү цемент өндүрүү тармагын өнүктүрүү маселелери өзгөчө актуалдуу болууда.

"Комиссянын өнөр жай блогу Бирликте өндүрүлгөн цементтин өздүк наркынын түзүмүн кылдат талдап чыкты. Аталган талдоо цементти өндүрүүдө чыгымдардын эң чоң үлүшү отун-энергетикалык ресурстарга туура келишин жана орточо алганда 32% түзүшүн, ал эми энергиянын булактары катары жаратылыш газы, мазут, көмүр сыяктуу отундун салттуу түрлөрү пайдаланыларын көрсөттү. Бир эле мезгилде экинчилик чийки затты утилдештирүү жана казып алынуучу отундун ордун алмаштыруу милдеттерин чечүүгө мүмкүндүк берген, отундун альтернативдик түрлөрү кеңири колдонулган өлкөлөрдө цемент өндүрүшүнүн энергетикасына чыгымдардын үлүшү 17% түзөт, – деп ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян баса белгиледи. – Айрым ишканаларда альтернативдик отунду пайдалануу жалпы керектөөнүн 100% түзөт, ал эми жаратылыш газы резервдик же жардамчы отун катары колдонулат. Бирликтин альтернативдик отунду пайдаланган заводдорунун үлүшү бүгүнкү күндө анча чоң эмес жана 2% чамасындай өлчөмдү түзөт.
Комиссиянын Коллегиясы тарабынан кабыл алынган бул документте отундун альтернативдик түрлөрүн пайдалануу менен аз көмүртектүү цемент өндүрүшүн демилгелөөгө багытталган чаралардын комплекси каралган. Иш-чаралардын тизмеги Бирликтин ыйгарым укуктуу органдарынын катышуусу менен ири цемент өндүрүүчү ишканалардын сунуштарынын негизинде түзүлдү.

Эксперттердин пикири боюнча, ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан ЕЭК Коллегиясынын сунуштамасы менен каралган мамилелердин аткарылышы заводдордун салттуу ресурстарды керектөөгө байланыштуу чыгымдарын азайтууга, ар түрдүү таштандыларды утилдештирүүгө, атмосферага зыяндуу чыгындылардын көлөмүн азайтууга мүмкүндүк берет жана жалпысынан эле аз көмүртектүү экономиканы түзүү үчүн негиз түзөт. Ошондой эле, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн цемент өндүрүү тармагынын цемент мештерин калдыктарды жок кылгыч катары колдонуу боюнча технологиялык потенциалы белгиленди. Мындай иш-тажрыйба Россия Федерациясында киргизиле баштады. Бирок аны толук масштабдуу илгерилетүү үчүн калдыктардын ар кандай түрлөрүн пайданууну мыйзамдык жактан жөнгө салууну актуалдаштыруу зарыл.

Артак Камалян Бирликтин цемент өндүрүү тармагындагы учурдагы жагдай жөнүндө айтып берди жана үчүнчү өлкөлөрдөн цемент жеткирүү зарылчылыгы жок экендигине басым жасады. Аталган тармактын ишканалары өткөн жылда 80,8 млн тонн цемент өндүрдү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 8,6% эсе көп. Ошол эле мезгилде ЕАЭБде өз ара жеткирүүлөрдүн көлөмү көбөйгөн – 19,2%га.

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү