ЕЭК Монголия менен кызматташуунун перспективаларын талкуулоого катышты
21.01.2026
Евразия экономикалык комиссиясынын Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиков Россиянын Эл аралык иштер боюнча кеңеши тарабынан уюштурулган "ЕАЭБ – Монголия кызматташтыгы: абалы жана келечеги" тегерек столунун ишине катышты.


ЕЭКтин өкүлү 2025-жылдын июнь айында Евразия экономикалык бирлиги менен Монголиянын ортосундагы Убактылуу соода келишимине кол коюуга жана аны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжаларга байланыштуу маселелерге токтолуп, ошондой эле тараптардын ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыктары жана келечеги тууралуу билдирди.

"Монголияны стратегиялык жана артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири катары карайбыз жана биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө маани беребиз", – деп белгиледи Владимир Серпиков.

Талкуунун алкагында инвестициялык кызматташтыктын потенциалы, тоскоолдуктарды жеңүү үчүн россиялык-монголиялык кызматташтыкты өнүктүрүү тажрыйбасы жана ЕАЭБдин тышкы байланыштар тутумундагы Монголиянын ролу талкууланды.