21-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директорунун орун басары Григор Оганяндын төрагалыгы астында экспресс-жүктөргө жана эл аралык почта жөнөтүүлөрүнө карата бажылык операцияларды аткаруу тартибин өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.
Отурумда эксперттер Евразия экономикалык бирлигинде тышкы электрондук соода жаатында пилоттук долбоорду жүзөгө ашыруунун алкагында экспресс-жүктөргө декларациянын формасын колдонуунун практикалык аспектилерин талкуулашты.
Эксперттер ошондой эле ЕАЭБ Бажы кодексиндеги болжолдуу өзгөртүүлөргө байланыштуу электрондук соода товарларына декларациянын формасын жана аны толтуруу тартибин аныктаган, Комиссиянын жаңы ченемдик актысын иштеп чыгуудагы мамилелерди талкуулоого киришти.
Ошондой эле Комиссиянын өкүлдөрү отурумдун катышуучуларына Экспресс-жүктөргө декларацияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин иштеп чыгуунун акыркы баскычы жөнүндө маалымдашты, бул бажы органдарынын да, ТЭИ катышуучуларынын да аракеттеринин так алгоритмин түзүүгө жана жалпысынан экспресс-жүктөрдү бажылык декларациялоо боюнча заманбап ченемдик укуктук базаны түзүүнү аяктоого мүмкүндүк берет.
Маалымат
Комиссия Коллегиясынын 2021-жылдын 3-августундагы № 93 жана № 94 чечимдери менен ЕАЭБ өлкөлөрүндө тышкы электрондук соода жаатында пилоттук долбоорду (экспериментти) өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларацияны толтуруунун өзгөчөлүктөрү аныкталган.
Комиссия Коллегиясынын 13-июндагы № 79 чечими менен декларациялоо Бирликтин өлкөлөрүндө тышкы электрондук соода жаатында пилоттук долбоорду жүргүзүүнүн алкагында жүзөгө ашырылуучу товарларга карата экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларацияга түзөтүүлөрдү толтуруунун тартиби (өзгөчөлүктөрү) бекитилген.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы № 10 чечими менен ЕАЭБ алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) бекитилген. ЕЭКтин жол картасынын 2-пунктуна ылайык, 2023-жылы ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте Комиссиянын электрондук соода товарларына декларациянын формасын жана аны толтуруу тартибин аныктаган актысын даярдоо зарыл. Тиешелүү компетенция ЕАЭБ Бажы кодекси жөнүндө келишимге тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоорунда каралган.