ЕЭК октябрь айында ЕАЭБ өлкөлөрүндө инфляциянын деңгээлине мониторинг жүргүздү

Октябрдын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө жылдык инфляциянын деңгээли: Арменияда – 0,6%, Беларуста – 5,9%, Казакстанда – 8,5%, Кыргызстанда – 4,8%, Россияда – 8,5% түздү.

2023-жылдын декабрына салыштырмалуу ушул жылдын октябрында Казакстанда жылдык инфляциянын 1,3 п.п.-га, Кыргызстанда 2,5 п. п.-га жайлашы, Беларуста 0,1 п. п.-га, Россияда жана 1,1 п. п.-га инфляциянын бир аз ылдамдашы байкалган, Арменияда дефляция инфляцияга алмашкан.

Керектөө бааларынын түзүмүндө инфляциянын басаңдашы Казакстанда жана Кыргызстанда азык-түлүк товарларына, Арменияда, Казакстанда, Кыргызстанда жана Россияда азык -түлүк эмес товарларга, Беларуста жана Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөргө байкалган.

Баалардын туруктуулугун колдоого ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн жана борбордук (улуттук) банктарынын керектөө бааларынын өсүшүн чектөө боюнча чаралары өбөлгө түзгөн.

Бирлик жөнүндө келишимдин 63-беренесине ылайык инфляциянын деңгээли (керектөө бааларынын индекси) экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктоочу негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

Комиссия Бирлик өлкөлөрүндө инфляциянын деңгээлине туруктуу негизде