Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө 2024-жылдын декабрь айынын жыйынтыгы боюнча жылдык инфляция Арменияда 1,5%, Беларуста – 5,2%, Казакстанда – 8,6%, Кыргызстанда – 6,3%, Россияда — 9,5% деңгээлинде катталган.
Жылдык инфляция 2023-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу Беларуста 0,6 п. п., Казакстанда — 1,2 п. п. жана Кыргызстанда — 1,0 п. п. басаңдаган. Баалардын динамикасынын айрым тездеши Арменияда жана Россияда байкалган — 2,1 п. п.
Керектөө бааларынын түзүмүндө инфляциянын басаңдашы Беларуста жана Казакстанда азык-түлүк товарларына, Арменияда, Казакстанда жана Кыргызстанда — азык-түлүк эмес товарларга, Арменияда, Беларуста жана Кыргызстанда — кызмат көрсөтүүлөргө карата белгиленген.
Өкмөттөр тарабынан керектөө бааларынын өсүшүн чектөө боюнча көрүлгөн чаралар жана борбордук (улуттук) банктар катаал акча-насыя шарттарын сактоосу баалардын туруктуулугун сактоого өбөлгө түздү.
Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрүндө инфляциянын деңгээлине мониторингди туруктуу негизде жүргүзүп турат.