23-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепневдун жана ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегяндын жетекчилиги алдында Иран менен өнөр жай жана АӨК жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективаларына, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Ирандын аймагында атайын экономикалык аймактарда бизнестин катышуусуна арналган семинар болуп өттү.
Иш-чара Евразия экономикалык бирлиги менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө толук форматтагы макулдашуунун күчүнө кирүүсүн утурлай уюштурулган.
"Мындай семинарлар натыйжалуу аянтча болуп саналат, анда көйгөйлүү маселелерди, ошондой эле биздин соода-экономикалык мамилелерибиздин өсүшүнүн жаңы түйүнү боло турган багыттарды талкуулоо мүмкүнчүлүгү бар", – деп белгиледи Андрей Слепнев.
Ал Макулдашуу ушул жылдын 15-майында күчүнө киргенден кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн компаниялары Иран рыногуна жетүүнүн уникалдуу шарттарына ээ болорун баса белгилеп, тараптар ачылып жаткан перспективаларды, анын ичинде өнөр жай операциясын жөнгө салуу жагында толук өлчөмдө пайдалана аларына үмүтүн билдирди.
Макулдашууда, атап айтканда, бир катар диалогдук инструменттерди түзүү каралган, алардын жардамы менен ЕАЭБ менен Ирандын ишкер чөйрөлөрү өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыкты өнүктүрүүнүн ар кандай багыттарын предметтик түрдө талкуулай алышат.
"Тармактык кызматташтыктын алкагында биз өнөр жай жана агроөнөр жай ишканаларынын өз ара аракеттенүүсүндө, илимий изилдөөлөрдү, технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүүдө, кооперациялык байланыштарды кеңейтүүдө олуттуу потенциалды көрөбүз. ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык потенциалы чоң, ал эми ресурстардын болушу жана биргелешкен аракеттер мүчө мамлекеттердин Иран менен өз ара товар жүгүртүүсүн жогорулатуу, атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштүн көлөмдөрүн өстүрүү жана жогорку технологиялык продукциянын экспортун өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн ачат", – деп белгиледи Гоар Барсегян.
Өнөр жай жана АӨК жаатында ирандык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн кыйла келечектүү багыттарын ЕАЭБдин, анын мүчө мамлекеттеринин жана Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча макулдашуунун жоболорун имплементациялоого багытталган Биргелешкен иш-чаралар планынын (жол картасынын) долбооруна киргизүү сунушталат.