Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепневдин төрагалыгы астында Кытай Эл Республикасы менен соодадагы тоскоолдуктарды аныктоого жана кызматташуунун келечектүү чөйрөлөрүнө арналган семинар болуп өттү.
Жолугушуу Евразия экономикалык бирлиги менен КЭРдин ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга ылайык түзүлгөн Биргелешкен комиссиянын алтынчы отурумуна даярдык көрүүнүн алкагында өттү. Иш-чарага ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ар түрдүү тармактарынан мамлекеттик органдардын, ассоциациялардын жана компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Ал Кытай ЕАЭБдин негизги соода өнөктөшү экенин эске салды: өткөн жылы ага Бирликтин жалпы товар жүгүртүүсүнүн 36%ы туура келген, ал эми быйыл анын үлүшү 40%дан ашты. ЕЭК министринин айтымында, мында, экспорттун жана улуттук валюталардагы эсептешүүлөрдүн динамикасына, транзиттик жана кургактык маршруттарын өнүктүрүүгө байланышкан ЕАЭБдин экономикалык өсүшүнө олуттуу салым калыптанууда, ошого жараша сезгич товарларды жеткирүүнүн туруктуулугуна карата жогорку талаптар коюлат."Биздин семинардын негизги максаты кыйла прагматикалуу: ЕАЭБ менен КЭРдин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу боюнча Биргелешкен комиссиянын кезектеги отурумунун жакындап калганына байланыштуу, биздин мамилелерибиздин абалын кароо, ишибизге эмне тоскоол болуп жатканын көрүү жана аларды алга жылдыруу үчүн күн тартибине кандай маселелерди киргизүүгө болорун кароо", – деди ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Кытайдын рыногуна кирүү маселелерин жана кызматташуунун потенциалдуу чөйрөлөрүн, анын ичинде ветеринардык жана санитардык чараларды, техникалык жана климаттык жөнгө салууну, интеллектуалдык менчикти коргоону, транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнү, электрондук сооданы жана соода бүтүмдөрүн коштоону карап чыгышты.
Семинардын жыйынтыктары, белгиленген тоскоолдуктар жана сунуштар ЕАЭБ – КЭР Биргелешкен комиссиясынын алтынчы отурумунун күн тартибин даярдоодо да, ошондой эле жалпысынан ЕЭКтин кытай тарап менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы ишинде колдонулат."Бүгүнкү жолугушууну жыйынтыктап жатып, биздин кытайлык өнөктөштөр менен иштөөбүздүн көңүл борборунда сооданы санариптештирүү, техникалык регламенттер, санитардык жана фитосанитардык чаралар, соодадагы техникалык тоскоолдуктар, экспортту каржылык жактан коштоо, транспорттук коридорлор, ошондой эле товарларды жеткирүү тизмектеринин коопсуздук маселелери болушу керек деп белгилөөгө болот", – деп жыйынтыктады Андрей Слепнев.