ЕЭК техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө АСЕАН менен семинар өткөрдү

Евразия экономикалык комиссиясы Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын Катчылыгы менен биргеликте 31-июлда семинар өткөрдү, анда тараптар Евразия экономикалык бирлигинин жана АСЕАНдын техникалык жөнгө салуу тутумдарын талкуулашты.

"Мындай иш-чараларды өткөрүү – биздин ишибиздин маанилүү бөлүгү, – деп белгиледи ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитациялоо департаментинин директору Серик Кусаинов. – Биргелешкен семинарлар ыкмаларды шайкеш келтирүүгө өбөлгө түзөт, чет өлкөлүк кесиптештерге евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүндө белгиленүүчү продукцияга карата талаптарды колдонуунун практикалык тажрыйбасы менен таанышууга жардам берет".

ЕЭК департаментинин кызматкерлери Бирликтин техникалык жөнгө салуу бирдиктүү тутумунун негизги аспектилери, анын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги жөнүндө маалымдашты. Өз кезегинде АСЕАН өкүлдөрү шайкештикти баалоо темасына токтолушуп, соода мамилелерин өнүктүрүү максатында аккредитациялоо инструменттерин колдонуу тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Семинарда ЕАЭБ алкагында колдонуудагы жеңил өнөр жай продукциясынын, электр-техникалык жабдуулардын, резинанын жана андан жасалган буюмдардын коопсуздугуна карата талаптар, ошондой эле тамак-аш продукциясына, анын ичинде чайга, кофеге, балыкка жана деңиз азыктарына карата талаптар каралды. Товарларды бирликтик рынокко жүгүртүүгө чыгаруу, ЕАЭБде продукциянын коопсуздугуна карата талаптардын сакталышын көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Комиссиянын өкүлдөрү АСЕАН мамлекеттериндеги тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы жөнгө салуу жана стандартташтыруу аспекттери менен таанышышты.

"ЕАЭБ жана АСЕАН өлкөлөрүнүн ортосундагы соода байланыштары кеңейүүнү улантып жаткандыктан, рынокторго тоскоолдуксуз кирүүнү жеңилдетүү жана продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн техникалык жөнгө салуу тутумдарын, стандарттарды жана шайкештикти баалоо жол-жоболорун өз ара түшүнүү зарыл", – деп баса белгиледи АСЕАНдын Стандарттар жана сапат боюнча консультативдик комитетинин төрагасы, Мьянманын Илим жана технологиялар министрлигинин Изилдөөлөр жана инновациялар департаментине караштуу Улуттук стандарттар жана сапат департаментинин директору Джо Соу Лвин.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тараптар диалогду улантуу жөнүндө макулдашышты.

Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) – 60 жылдык тарыхы бар Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин саясий, экономикалык жана маданий аймактык өкмөттөр аралык уюму. Азыркы учурда анын курамына 11 катышуучу өлкө кирет. АСЕАНдын негизги максаттарынын бири – региондун экономикалык өсүшүн тездетүү.

2026-жылдын 31-июлундагы семинарга ЕЭКтин бир катар департаменттеринин, АСЕАН өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, АСЕАН Катчылыгынын бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.



Скачать исходники фотографий