Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев 6-августта Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында ЕЭКтин "ЕАЭБдеги экономикалык интеграция: ички потенциалга басым жасоо" сессиясына катышты.
Иш-чаранын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин мейкиндигиндеги өз ара аракеттенүүнүн практикалык мүмкүнчүлүктөрүн, соода-экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын, региондук долбоорлорго инвестицияларды тартууну, соода-өндүрүштүк байланыштарды өнүктүрүүнү, кооперациялык демилгелерди ишке киргизүүнү жана масштабдоону, ошондой эле мындай долбоорлорду колдоо үчүн Комиссиянын, банктардын жана өнүктүрүү институттарынын инструменттерин талкуулашты.
ЕЭК министри евразиялык интеграциянын негизги факторлорунун бири катары ЕАЭБ алкагында өз ара сооданы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду.
"2025-жылдын жыйынтыгы боюнча биздин Бирликтин ичиндеги товарлар менен өз ара сооданын көлөмү алдын ала 95 млрд долларга бааланууда. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы тышкы соода жүгүртүүсүндө өз ара сооданын үлүшү 20%ды түздү. Болжолдоолор боюнча, 2026-жылы өз ара соода 100 млрд доллардан ашат", – деп баса белгиледи Данияр Иманалиев.
Сессияда регионалдык демилгелерди колдоо, кооперациялык долбоорлорду өнүктүрүү, ЕАЭБ мейкиндигинде региондордун, бизнестин, банктардын жана өнүктүрүү институттарынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн ЕЭК инструменттерин мындан ары колдонуу зарылдыгы белгиленди.