ЕЭК ЕАЭБ жөнүндө келишимдин табигый монополиялар чөйрөсүндөгү жоболорунун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт
28.11.2025

ЕЭКтин Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитети 27-ноябрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде белгиленген принциптердин сакталышын баалоого мониторингдин аралык жыйынтыктарын карап чыкты. Иш-чара ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында өттү.

 

Сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен мониторингдин жыйынтыктары 2026-жылы табигый монополияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды андан ары айкалыштыруу боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу, ошондой эле ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ченемдик укуктук актыларын актуалдаштыруу үчүн сунушталат.

Отурумдун катышуучулары ошондой эле 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Жогорку Евразия экономикалык кеңешине сунуштала турган табигый монополиялар боюнча баяндаманын (маалыматтын) түзүмүн макулдашышты.