Башкы
/
Жаңылыктар
/
ЕЭК ЕАЭБ бизнесинин арасында товарларды алып чыгууга уруксатты тариздөө практикасы жөнүндө сурамжылоо өткөрүүдө
ЕЭК ЕАЭБ бизнесинин арасында товарларды алып чыгууга уруксатты тариздөө практикасы жөнүндө сурамжылоо өткөрүүдө
02.09.2025
1-сентябрдан 31-октябрга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын бажы мыйзамдары жана укук колдонуу тажрыйбасы департаменти тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын сурамжылоо жүргүзөт. Анын максаты – ЕАЭБ бажы аймагынан товарларды иш жүзүндө ташып чыгууну тастыктоодо бизнес (баарыдан мурда экспортерлор) туш болгон көйгөйлүү жагдайларды аныктоо, ошондой эле товарларды ташып чыгууга уруксатты жокко чыгаруу зарылчылыгы менен байланышкан учурларды талдоо.
Сурамжылоого катышуу үчүн Департамент тарабынан иштелип чыккан формага ылайык маалымат берүү керек.
ЕЭК Коллегиясынын 07.02.2018-жылдагы № 25 чечими менен Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин бажы органдары тарабынан Бирликтин бажы аймагынан товарлардын иш жүзүндө ташылып кетишин тастыктоо тартиби бекитилген, ал ЕАЭБде 01.07.2020-жылдан тарта колдонулуп келет.