Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык жана азык-түлүк боюнча туруктуулугун камсыздоого багытталган, товарлардын айрым түрлөрүнө карата бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларынын топтомун толуктоо боюнча чечим кабыл алды.
Атап айтканда, 2025-жылдын 30-апрелине чейин айрым какао азыктарына , ал эми 2023-жылдын 31-декабрына чейин - жез штейнге жана цементациялык жезге карата алып келүү бажы алымдары нөлгө түшүрүлөт.
"Кабыл алынган чаралар өндүрүүчүлөргө кубаттуулуктарды жүктөөнүн учурдагы деңгээлин колдоого, ошондой эле валюта курстарынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу кошумча чыгымдардын бир бөлүгүн жабууга мүмкүндүк берет", - деп билдирди ЕЭКтин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.Маселенин маанилүүлүгүнө байланыштуу ЕЭК Кеңешинин тапшырмасына ылайык, чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Маалымат
ЕЭК Кеңешинин 17-мартта кабыл алынган чечимине ылайык, азык-түлүк товарларынын жана аларды өндүрүүдө колдонулуучу товарлардын кеңири номенклатурасы алып келүү бажы алымынан бошотулат. Ошондой эле, чечим азык-түлүк продукциясын өндүрүү жана сатуу үчүн товарларга; фармацевтикалык, металлургиялык жана электрондук продукцияны өндүрүү үчүн товарларга; санариптик технологияларды өнүктүрүү үчүн колдонулуучу товарларга; жеңил өнөр жай продукциясын өндүрүү үчүн товарларга, ошондой эле курулуш жана транспорт тармактарында колдонулуучу товарларга тиешелүү. Мындан тышкары, 2023-жылдын 30-апрелине чейин 40 кг ашык таңгактардагы өрүк, алмурут, шабдалы жана башка пюрелерге, ал эми 2025-жылдын 30-апрелине чейин - анилинге жана тыш кийимдердин өндүрүшү үчүн бир катар кездемелердин түрлөрүнө коюм нөлгө түшүрүлдү.
ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү