Жаңылыктар

26.07.2022 (Обновлено: 09.08.2022 14:23)

ЕЭК жаңы экономикалык шарттарда жыгач иштетүү жана жыгач даярдоочу техника тармактарын өнүктүрүү перспективаларын карап чыгууда

Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясынын Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камаляндын жетекчилиги астында Карелия Республикасына (Россия) иш сапарынын алкагында жаңы экономикалык шарттарда жыгач иштетүү жана машина куруу тармактарынын ишканаларынын кооперациялык кызматташтыгынын перспективалары талкууланды.

"Сегежа ЦКК" АКнын жана "Амкодор-Онего" ЖЧКнын өндүрүштүк аянтчаларына сапарынын жүрүшүндө Комиссиянын өнөр жай блогунун өкүлдөрү аталган ишканалардын жетекчиликтери менен жаңы экономикалык шарттарда жыгач иштетүү тармагын жана жыгач даярдоочу техниканы өндүрүү чөйрөсүн өнөр жайлык өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулашты.

"ЕЭК Бирлигибиздин экономикасынын реалдуу секторунун ишин стабилдештирүүгө багытталган, каатчылыкка каршы чаралардын пакетин кабыл алды. Алар кооперацияны каржылоого, жаңы логистика чынжырларын түзүүгө, чийки заттарга жана себилдегичтерге бажы алымдарын төмөндөтүүгө тиешелүү, – деп билдирди Артак Камалян. – Бүгүнкү күндө бизде учурда иштеп жаткан ишканалардын үлгүсүндө каатчылыкка каршы чечимдерди иш жүзүндө ишке ашыруу маселелерин карап чыгуу мүмкүнчүлүгү бар".

Тараптар чийки заттарды, жабдууларды жана себилдегичтерди жеткирүү, соода жана логистика чынжырлары, өндүрүштүн номенклатурасын кеңейтүү жагында өндүрүштүк ишмердикке таасир тийгизген учурдагы чектөөлөрдү жана бөгөттөрдү белгилешти.

"ЕАЭБ жыгач материалдарынын дүйнөдөгү эң ири экспорттоочусу экиндигин гана эмес, өлкөнүн ичинде да жыгач кайра иштетүү көлөмдөрүн активдүү өстүрүп жаткандыгын эске алсак, жыгач даярдоо тармагынын көйгөйлөрү көптөгөн чектеш өндүрүштөргө, анын ичинде курулушка, эмерек өндүрүүгө, кагаз, таңгак, био отун даярдоого ж.б. таасир тийигизиши мүмкүн", – деп белгиледи Артак Камалян.

ЕАЭБдин потенциалын пайдалануу менен рынокту кеңейтүү жана жаңы кооперациялык чынжырларды түзүү перспективалары каралды, импортту алмаштыруу жана экспорттук жеткирүүлөрдү алар көбүрөөк талап кылынган Бирликтин ички рыногуна кайра багыттоо максатында кооперацияны колдоонун практикалык аспаптары талкууланды.

Сапардын натыйжалары боюнча ЕЭКтин аянтчасында бизнестин, илимий коомдоштуктардын, инженердик борборлордун жана мамлекеттик башкаруу органдарынын кызыкдар болгон өкүлдөрүнүн катышуусунда жыгач иштетүү жана атайын техниканы өндүрүү жаатындагы тармактык диалогду уюштуруу жөнүндө келишкендикке жетишилди. Диалогдун максаты – маалымат алмашуу, өнүгүүнүн эң приоритеттүү багыттарын жана аларды иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча кадамдарды аныктоо, көп тараптуу кызматташтыкты орнотуу жана кооперациялык байланыштарды жолго коюу.

Маалымат

Россиянын целлюлоза-кагаз өндүрүү тармагынын флагмандарынын бири болуп саналган Сегежа целлюлоза-кагаз комбинаты 1939-жылы курулган. Комбинат бир нече модернизациялоо жана реконструкциялоо циклдеринен өтүп, натыйжада бүгүнкү күндө 384 миң тоннага чейин мүшөк крафт-кагазын, анын ичинде абдан бышык микрокрептелген кагазды өндүрүүгө жөндөмдүү. Сегежа ЦККнын продукциясы дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүнө экспорттолот. Комбинаттын кубаттуулуктары ага мүшөк кагазын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү үчүнчү орунду ээлөөгө мүмкүндүк берет.

"Амкодор-Онего" ЖЧК заманбап жыгач даярдоочу техниканы – харвестерлерди жана форвардерлерди чогултууга адистешүү менен, жыгач өнөр жай комплексинде машина куруу тармагын өнүктүрүп келет. Бүгүнкү күндө ишкана тез өнүгүүдө, цехтер жаңы заманбап жабдуулар менен жабдылып, алар келечекте жыгач даярдоочу техниканы чогултуунун толук циклин ишке ашырууга мүмкүндүк берет.