Жаңылыктар

23.12.2022 (Обновлено: 17.01.2023 15:52)

ЕЭК Бирликтин металлургиялык тармагын өнүктүрүүгө карата натыйжалуу мамилелерди иштеп чыгууда

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай блогунун өкүлдөрү Жалпы россиялык "Иштиктүү Россия" коомдук уюмунун Металлургия боюнча комитетинин отурумунда билдиришти.
Отурумдун катышуучулары металлургиядагы учурдагы кырдаалга байланыштуу тармактын бир катар негизги маселелерин жана 2022-жылы аны өнүктүрүүнүн алдын ала жыйынтыктарын талкуулашты.
"Түзүлгөн экономикалык кырдаал бир эле учурда Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногунда кооперациянын өнүгүшүнө түрткү бериши, тармактын өндүрүүчүлөрүн, анын ичинде курулушту жана ири инфраструктуралык долбоорлорду камсыз кылуу үчүн ички рынокко кайра багыттоого, ошондой эле өндүрүүчүлөрдү жаңы рынокторго кайра багыттоого өбөлгө түзүшү мүмкүн", – деп белгиледи өз сөзүндө ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян.

Анын айтымында, бул маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн Комиссия тараптар менен биргеликте негизги үч трек боюнча иштеп жатат.

Кеп, биринчиден, 2021-2024-жылдарга ЕАЭБ мамлекеттеринин металлургиялык ишканаларын чийки зат менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында Бирликтин ишканаларын чийки зат менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү жөнүндө болуп жатат. Иш-чаралар планы 2021-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын деңгээлинде кабыл алынган. Планда металл сыныктарынын ички рыногунда тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салуу, металл сыныктарын чогултууга жана даярдоого багытталган чараларды иштеп чыгуу жана улуттук деңгээлде кабыл алуу, логистиканы оптималдаштыруу, металлургия тармагынын ишканаларын чийки зат менен камсыз кылуу максатында металлдардын, ошондой эле темирдин калдыктарын жана сыныктарын кайра иштетүүнүн инновациялык технологияларын киргизүү каралган.

Экинчи трек – металлургия тармагын, анын ичинде климаттык күн тартибинин алкагында инновациялык өнүктүрүүнү камсыздоо. ЕЭК Коллегиясы "ЕАЭБ алкагында кара жана түстүү металлургияда продукциянын жаңы түрлөрүн өндүрүү жана технологиялык өнүктүрүү чөйрөсүндө өнөр жай кызматташтыгынын келечектүү багыттары жөнүндө" сунуштаманы кабыл алды, анда автомобиль куруу жана айыл чарба машиналарын куруу үчүн жаңы техникалык мүнөздөмөлөрү бар болотко карата тараптардын иштеп чыгууларынын келечектүү багыттары көрсөтүлгөн. Кара жана түстүү металлургиядагы келечектүү технологиялардын Евразиялык реестри жүргүзүлүүдө, анда анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы ишканаларында киргизилген же киргизилүүчү металлургия тармагындагы жашыл технологиялар да камтылган.

 

Үчүнчүдөн, "Кара жана түстүү металлдардын калдыктарын жана сыныктарын, ошондой эле темирди кайра иштетүүнүн экологиялык таза жана энергияны үнөмдөөчү технологияларын иштеп чыгуунун жана металлургиялык ишканаларда колдонуунун мыкты дүйнөлүк практикасы жөнүндө" маалыматтык-аналитикалык сереп даярдалып, өлкөлөргө жөнөтүлдү. Бирлик өлкөлөрүнүн мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларга ылайык климаттык күн тартибинин маселелерин ийгиликтүү чечүү үчүн зарыл болгон өнөр жай жана илимий дарамети бар жана биздин милдет – аны металлургия тармагынын ишканаларын колдоо үчүн натыйжалуу пайдалануу.

Мындан тышкары, ЕЭК экспорт, анын ичинде металлургиялык продукциянын экспорту үчүн келечектүү болуп саналган үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна сереп даярдады. Бул Кытай, Түркия, Мексика, Бириккен Араб Эмираттары, Бразилия, Өзбекстан, Индия, Сенегал, Египет, Сауд Арабиясы, Малайзия, Вьетнам, Индонезия, Монголия рыноктору.

"Комиссиянын өнөр жай блогунун аянтчасында металлургия тармагында өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча эксперттик топ иш алып барууда, анын алкагында биз беш тараптуу форматта металлургия тармагынын эң актуалдуу маселелерин жана курч көйгөйлөрүн талкуулайбыз жана оптималдуу чечимдерди табабыз", – деп баса белгиледи Георгий Арзуманян.



 

Маалымат

"Иштиктүү Россия" – чийки зат боюнча эмес жеке компаниялардын - өз тармактарында лидерлеринин кызыкчылыктарын билдирген жалпы россиялык коомдук уюм. Уюм 7 миңден ашык бизнесмендерди жана 400 ашык Россиянын аймактык жана федералдык парламенттеринин депутаттарын бириктирет.

Металлургия боюнча Комитеттин ишинин негизги багыттары - өнөр жай саясатынын жана экономикалык өнүгүүнүн негизги маселелери боюнча тармактын позициясын калыптандыруу, чийки зат менен камсыздоонун начарлашына каршы күрөшүү, экологиялык контроль жана айлана-чөйрөнү коргоо механизмдерин илгерилетүү ж.б. боюнча иш-чаралардын биргелешкен планын иштеп чыгуу болуп саналат.