Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө ыйгарым укуктарга ээ болгон мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жогорку деңгээлдеги кеңешме болуп өттү.
Катышуучулар сатып алуу процессин санариптештирүү маселелерин жана өткөн жылдын август айында ЕЭК Коллегиясынын тескемеси менен кабыл алынган ЕАЭБ өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларды толук баалуу санариптештирүү боюнча чаралардын тизмесин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Тараптар конкурска жана аукционго катышууга өтүнмөлөрдү берүүнүн минималдуу мөөнөтүн кыскартууну, ошондой эле сатып алуу ыкмаларынын тизмесин кеңейтүүнү макулдашышты, анда жаңы ыкма - электрондук дүкөндөн (каталогдон) сатып алуу ыкмасы каралды.
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министр Бахыт Султановдун сөзү боюнча, Бирлик жөнүндө келишимде санариптик форматта сатып алуу процессин жөнгө салуучу ченемдерди бекитүү, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарын Бирликтин укугу менен максималдуу жакындаштыруу үчүн бирдиктүү түшүнүк аппаратына келүү маанилүү.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Комиссиянын ЕАЭБ өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алуулардын санариптик картасын иштеп чыгуу жөнүндө демилгесин жактырышты, аны иштеп чыгуу жана Комиссиянын сайтына жайгаштыруу пландаштырылууда.
Картада ЕАЭБ өлкөлөрүндө түзүлгөн контракттардын жалпы наркы, анын ичинде ар бир катышуучу өлкө боюнча деталдаштыруу, жеткирүүчүлөрдүн үлүшү жана Бирликтен жана үчүнчү өлкөлөрдөн сатып алынган товарлардын үлүшү жөнүндө маалымат камтылары болжолдонот.
Картанын маалыматтуулугу үчүн тараптар ЕЭКтин өлкөлөр Комиссияга берген мамлекеттик сатып алуулар боюнча статистиканы кеңейтүү жөнүндө сунушун колдошту.