ЕЭК аз тонналык химия чөйрөсүндө кооперацияны өнүктүрөт

Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинде химиялык өнөр жай чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча, ошондой эле "2019-2023-жылдарда ЕАЭБдеги аз тонналык химия тармагына серепти" даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин делегациясы "Сколково" инновациялык илимий-технологиялык комплексинин базасында россиялык LABADVANCE компаниясынын лабораториясына барышты.

Компания микрофлюиддик чиптердин уникалдуу технологиясын иштеп чыкты, анын аркасында аянты бир чарчы метрден ашпаган мини-лабораторияларда да аз тонналык химиянын жаңы өнүмдөрүн жаратууга болот. Мында химиялык процесстер баштапкы чийки заттын минималдуу көлөмдөрүн колдонуу менен микрочиптин ичинде моделденген шарттарда ишке ашат.

Өнөр жай саясаты департаментинин делегаттары ЕАЭБ өлкөлөрүндө колдонула баштаган, өнөр жай кооперациясын каржылоонун жаңы механизмин колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө LABADVANCE компаниясынын өкүлдөрүнө айтып беришти.

"Өнөр жай кооперациясын каржылоо механизмин колдонуу Бирликте аз тоннаждык химия сегментин өнүктүрүүнүн жана өтө маанилүү продукцияны чыгаруу боюнча импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү түзүүнүн күчтүү куралы болуп калышы мүмкүн", – деп белгиледи ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян.