Эл аралык кызматташтык Евразия экономикалык комиссиясынын ишмердигиндеги эң маанилүү приоритеттердин бири болуп саналат жана түзүлгөн меморандумдардын жана макулдашуулардын негизинде ишке ашырылат, ал эми Евразия экономикалык комиссиясынын жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) ортосундагы диалогдун активдешүүгө карата оң тенденциясы бар. Бул тууралуу ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко 12-сентябрда Тель-Авив шаарында (Израиль) Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа регионалдык комитетинин 72-чи сессиясынын ачылышында билдирди.
Евразия экономикалык комиссиясынын жана БССУнун Европа регионалдык комитетинин ортосунда 2021-жылда кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду өнүктүрүү максатында аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын 2023–2025-жылдарга карата планы даярдалды.
БССУнун Европа регионалдык комитетинин 72-чи сессиясынын иш-чараларынын жүрүшүндө Виктор Назаренконун мүчө мамлекеттердин саламаттыкты сактоо министрлери менен жолугушуусу пландаштырылган. Анда ЕЭКтин жана БССУнун Европа регионалдык комитетинин ортосундагы меморандумду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы, ошондой эле дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жалпы рыногун өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланмакчы.