ЕЭК Эл аралык дан кеңеши менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө

23-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян жана Эл аралык дан кеңешинин (ЭДК) аткаруучу директору Арно Пети ЕЭК менен ЭДКнын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө протоколго кол коюшту.

Тараптар дан рыногуна мониторинг жүргүзүү, дан, буурчак жана май өсүмдүктөрү боюнча сурамды жана сунушту болжолдоо, ошондой эле мамлекеттик жөнгө салуу чараларына жана алардын дүйнөлүк дан рыногуна тийгизген таасирине мониторинг жүргүзүү боюнча кызматташат.

Биргелешкен консультацияларды өткөрүү жана аналитикалык документтерди даярдоо пландаштырылууда.

"Протоколго кол коюу – Эл аралык дан кеңеши менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн кезектеги маанилүү этабы. Биз ишибиздин бул багытын улуттук, ошондой эле глобалдык деңгээлде азык-түлүк менен камсыздалуу жагынан өзгөчө маанилүү деп эсептейбиз", – деп баса белгиледи Гоар Барсегян.

Эл аралык дан кеңеши – 1949-жылы негизделген өкмөттөр аралык уюм. Анын ишмердиги 1995-жылдагы Дан менен соода жүргүзүү жөнүндө конвенцияга ылайык дан өсүмдүктөрү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган жана дандар, май чыгуучу дандар жана күрүч менен соода жүргүзүүгө тиешелүү. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен ЭДКга Казакстан жана Россия мүчөлүк кылат.