ЕЭК БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө

8-9-июнда Римде Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кеңешинин сессиясынын ишине катышты.

Сессиянын алкагында Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетян жана Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министрдин жардамчысы Зоя Морочкова кызматташуунун натыйжалуу механизмдерин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча Римдеги ФАОнун жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы Россия Федерациясынын жана Беларусь Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен консультацияларды өткөрүштү.

Тараптар азык-түлүк менен камсыздалгандык жана органикалык айыл чарба маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнүн учурдагы жана келечектүү багыттары жөнүндө пикир алмашышты, ошондой эле ЕЭК жана ФАОнун өз ара аракеттенүү күн тартибин ишке ашыруу үчүн байланыштарды улантууну макулдашышты.

Отурумга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана ФАОнун, БУУнун фонддорунун, программаларынын жана адистештирилген мекемелеринин өкүлдөрү, эл аралык жана өкмөттөр аралык уюмдардын байкоочулары, илимий чөйрөлөрдүн, жеке сектордун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

ФАО Кеңеши уюмдун башкы аткаруучу органы болуп саналат, административдик функцияларды аткарат жана азык-түлүк жана айыл чарба тармагындагы дүйнөлүк кырдаалды изилдейт.