ЕЭК бизнестин ишмердигинин шарттарын жакшыртуу үчүн эң мыкты практикаларды сунуштады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө "Бизнести түзүү жана жүргүзүү үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө" сунуштаманы жактырды.

Сунуштамада "бирдиктүү терезе" принцибин колдонуу, мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттешүүсүндө санариптештирүүнү ишке ашыруу, юридикалык жактарды каттоо жана жоюу мөөнөттөрүн кыскартуу, контролдоо-тескөө жол-жоболорун өркүндөтүү жана башка чаралар каралган.

Сунуштаманы ишке ашыруу Бирлик өлкөлөрүндөгү ишкердик ишмердүүлүктүн шарттарын жана ЕАЭБдеги ишкер климатты жакшыртууга мүмкүндүк берет.

"Сунуштама Бирлик өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштугу тарабынан оң бааланды", – деп белгиледи ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев.



Маалымат

Сунуштама Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 4 тескемеси менен бекитилген Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын 1.7.1-пунктуна ылайык иштелип чыккан. Пландын көрсөтүлгөн пункту менен Бирлик өлкөлөрүндө эң мыкты эл аралык жана улуттук тажрыйбаларды эске алуу менен ишкердик жана инвестициялык климатты жакшыртуу каралган.