Жаңылыктар

15.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 14:00)

ЕЭК металлургиядагы перспективдүү технологиялардын евразиялык реестрин түздү

Евразия экономикалык комиссиясы ресурс жана энергия үнөмдөөчү технологияларга өтүү жана айлана-чөйрөгө техногендик таасирди азайтуу үчүн Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн металлургия ишканаларында киргизилген перспективдүү технологиялардын реестрин түздү. Реестр металлургия тармагындагы кызматташтык боюнча эксперттик топтун отурумунда ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрү тарабынан каралып, колдоого алынды.

Реестр Бирликтин мамлекеттеринин өндүрүүчүлөрүн кара жана түстүү металлургиядагы инновациялык технологиялар чөйрөсүндөгү алдыңкы иштелмелер жөнүндө маалымдайт. Анда өндүрүштөрдүн айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу боюнча дүйнөлүк трендге байланыштуу актуалдуулугу жогорулаган жашыл технологияларга өзгөчө көңүл бөлүнгөн.

"Эксперттердин баалоолору боюнча, Бирликтин жана дүйнөнүн өлкөлөрүнүн металлургиясына инновацияларды киргизүү болоттун өздүк наркын 8-12%га төмөндөтүүгө, ошондой эле айлана-чөйрөгө терс таасирди олуттуу түрдө азайтууга мүмкүндүк берет. Изилдөөлөр кооперация жана инновациялык өнүгүү деңгээлдеринин ортосунда түздөн-түз байланыш бар экендигин көрсөтүп турат", – деп ЕЭКтин өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян ЕАЭБде кара металлургиядагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча эксперттик топтун отурумунда белгиледи.

Реестрге евразиялык металлургдар тарабынан Midrex технологиясы боюнча ысык брикеттелген темирди, ENERGIRON технологиясынын негизинде тике калыбына келтирилген темирди өндүрүү тажрыйбасы жөнүндө маалымат, алдын ала күйгүзүлгөн аноддор технологиясын, RPA технологиясын, аддитивдик технологияларды, ошондой эле металл продукциясын өндүрүү жана жеткирүү чөйрөсүндөгү логистиканы оптималдаштыруу үчүн айдоочусуз жүк ташууларды киргизүү тажрыйбасы жөнүндө маалыматтар киргизилген.

Реестр Евразия экономикалык бирлигинин сайтында жайгаштырылган (Реестр). Өлкөлөрдөн тийиштүү маалыматтар келип түшкөн учурда аталган документ жаңыланат.

Ошондой эле, эксперттик топтун мүчөлөрү металлургиянын инновациялык өнүгүүсүнүн негизги маселелерин, анын ичинде технологиялык өнүгүү жана автомобиль курууда, айыл чарба техникасын өндүрүүдө, темир жол транспортунда жана экономиканын башка тармактарында суроо-талапка ээ болгон продукциянын жаңы түрлөрүн өндүрүү жаатындагы кызматташтыктын перспективдүү багыттарын талкуулашты.

Отурумда металлургиялык товарлардын жаңы түрлөрүн өндүрүү чөйрөсүндөгү өнөр жай кызматташтыгынын перспективдүү багыттарынын тизмеги каралды. Ал Бирликтин мамлекеттеринин тармактык стратегиялык документтерин талдоонун жыйынтыктары боюнча түзүлгөн. Ага автомобилдик каңылтыр болот, болоттун жогорку бекемдиктеги конструкциялык жана түтүктүк маркалары, күлмайда каптамы бар металлдар, коррозияга туруктуу болот, транспорттук металл кирет.

"Өнөр жайдын ар түрдүү тармактарынын муктаждыктары үчүн кара металлургия продукциясынын жаңы түрлөрүн жаратуу –бул учурдун талабы гана эмес, бул евразиялык өндүрүүчүлөрдүн ички жана тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү маселеси", – деп Георгий Арзуманян корутундулады.


Отурумдун жыйынтыктары боюнча металлургия жаатындагы улуттук мыйзамдарды мыкты эл аралык тажрыйбага ылайык шайкеш келтирүү боюнча биргелешкен иш жана аларга мамлекеттер аралык мыйзамдар статусун берүү, ошондой эле металл продукциясына карата жаңы мамлекеттер аралык стандарттарды түзүү жөнүндө келишкендикке жетишилди.