Атап айтканда, ЕЭК Кеңешинин Бирликтин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу, кабыл алуу, өзгөртүү жана жокко чыгаруу тартибинин жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө чечиминин долбоору талкууланды. Документ Бирликтин техникалык регламенттерин иштеп чыгуунун жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн натыйжалуулугун жана ыкчамдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Талкуунун жыйынтыктары боюнча иштеп чыгуучу департаментке чечимдин долбоорун ишкердик жана эксперттик коомдоштуктар үчүн Бирликтин техникалык регламенттерин иштеп чыгуунун бүткүл "жашоо циклинин" транспаренттүүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле алар боюнча жөнгө салуучу таасирди баалоо жана анын натыйжаларын эсепке алуу жагында аягына чыгара иштеп чыгуу сунуш кылынды.
Жумушчу топ ЕЭКтин фармацевтика чөйрөсүндөгү эки чечиминин долбоорлорун колдоду, алар керектөөчүлөрдү адамдын канынан алынган плазмадан жасалган дары-дармек препараттары жөнүндө маалымдоо боюнча документтердин тексттерин түзүүдө айырмачылыктарды болтурбоого жана фармацевтикалык субстанциялардын жана өсүмдүктөрдөн алынган дары-дармек препараттарынын стабилдүүлүгүн изилдөөнүн натыйжаларынын өз ара таанылышын камсыз кылууга багытталган.