Жаңылыктар

24.01.2022 (Обновлено: 02.02.2022 15:25)

ЕЭК бизнес менен биргеликте керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн ак ниет ишкердик иш-тажрыйба принциптерин киргизүүнү өнүктүрүүдө

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо ЕАЭБде ишкердик ишмердикти өнүктүрүү үчүн багыт катары – бул Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан Ширелерди, суу жана суусундуктарды өндүрүүчүлөрдүн бирлигинин катышуусунда уюштурулган тегерек столдун темасы болду.

Тегерек столдун катышуучулары Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы иш-чараларын ишке ашырууга ишкердик коомдоштуктарды тартуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапат жана коопсуздук кепилдигин, керектөөчүлөрдүн маалымдуулугун жана алардын укуктарынын корголушун камсыз кылуу максатында Комиссиянын Коллегиясы тарабынан бекитилген ак ниет ишкердик иш-тажрыйба принциптерин жана критерийлерин киргизүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

"ЕАЭБдин алкагында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун мамлекеттер аралык тутумун түзүү үчүн бизнес менен диалог өзгөчө маанилүү", – деп санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Наталья Жукова баса белгиледи.

Тегерек столдун Роспотребнадзордон жана Россия Федерациясынын Керектөөчүлөр бирлигинен катышуучулары анын негизги багыты керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы укук бузуулардын алдын алуу жана коомдук керектөөчүлүк уюмдардын катышуусунда өткөрүлүүчү өзүн-өзү текшерүү жол-жобосун киргизүү болуп саналган, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоо тутумун өркүндөтүүнүн улуттук тажрыбайсы тууралуу айтып беришти.

Армениянын, Беларустун, Кыргызстандын жана Россиянын ширелерди, суу жана суусундуктарды өндүрүү индустриясынын өкүлдөрү өндүрүлүп жаткан продукцияда канттын камтылышын азайтууга, ыктыярдуу маркалоону киргизүүгө байланыштуу ыктыярдуу стандарттарды жана милдеттенмелерди колдонуу тажрыйбасы жөнүндө айтып беришти. Бул керектөөчүлөрдүн сатып алып жаткан продукциянын курамы жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү.

БССУнун Европа регионалдык бюросунун өкүлдөрү дүйнөлүк коомдоштуктун алиментардык оорулардын алдын алууга багытталган эл аралык тажрыйбасы жана иш-аракеттери жөнүндө айтып беришти. Наталья Жукованын айтуусу боюнча, калктын саламаттыгынын көрсөткүчтөрүнө маанилүү таасир берген рационалдык керектөөнү камсыз кылуу маселелерин чечүүдө ЕЭКтин жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн олуттуу потенциал бар.

Бул потенциалды ачуу үчүн өткөн жылдын аягында ЕЭКтин жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүлгөн. Аны ишке ашыруу үчүн өндүрүлүп жаткан продукциянын сапатын камсыз кылуунун негизинде жарандардын саламаттыгын коргоо жана бекемдөө үчүн ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан кабыл алынып жаткан чараларга колдоо көрсөтүүгө өбөлгө түзгөн биргелешкен ишти алып баруу пландаштырылууда.

"ЕАЭБдин алкагында керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишкердик иш-тажрыйбанын ийгиликтүү моделдерин илгерилетүү – Комиссиянын жана Бирликтин өлкөлөрүнүн биргелешкен ишинин маанилүү багыттарынын бири. Бул бизнести жоопкерчиликтүү жана рационалдуу өндүрүштү киргизүүгө, керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө жооп берген продукциянын стабилдүү сапатын камсыз кылууга демилгелөөгө мүмкүндүк берет", – деп корутундулады Наталья Жукова.