Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Бүткүл дүйнөлүк бажы уюму (ББУ) менен өз ара аракеттенүү боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө тескемени кабыл алды.
Жумушчу топтун негизги милдеттери – ЕАЭБдин ББУнун негиз болуучу укуктук аспаптарына жана каражаттарына кошулуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууга, аталган уюмда Бирликтин жана анын мүчө мамлекеттеринин кызыкчылыктарын илгерилетүүгө жана Бирликтин ББУнун мүчөсү статусун алуусуна байланыштуу чаралардын комплексин иштеп чыгуу.
Комиссиянын Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун ишинде толук кандуу катышуусу бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарды иштеп чыгууда катышууга жана алардын Бирликтин укугуна шайкештигин талдоого мүмкүндүк берет.
Маалымат
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2020-жылдын 11-декабрындагы № 12 чечими менен кабыл алынган Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын 11.7.5-пунктунда төмөнкү иш-чаралар каралган: мүчө мамлекеттер менен биргеликте Бирликтин ББУнун мүчөсү статусун алуусуна багытталган иш-аракеттерди жүргүзүү; Бирликтин ББУнун негиз болуучу документтерине кошулуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу.