Планда Меморандум менен аныкталган кызматташуунун кыйла актуалдуу багыттары каралат. Алардын арасында — дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жүгүртүү жаатындагы өз ара аракеттенүү, адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу тамак-аш продукциясын жүгүртүүгө жол бербөө, жугуштуу жана массалык жугуштуу эмес оорулардын, микробго каршы препараттарга резистенттүлүктүн пайда болушунун жана таралышынын алдын алуу.
Планда саламаттык сактоо жаатындагы маалыматтык тутумдарды өнүктүрүүгө, медицина жана медициналык жардам көрсөтүү жаатындагы заманбап жетишкендиктерди камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулган.
Комиссиянын ДССУнун Европалык региондук бюросу менен кызматташуусу эл аралык эксперттик коомчулук менен диалогду тереңдетүүгө өбөлгө түзөт, ал жетишилген натыйжаларды сактап калууга гана эмес, кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга да мүмкүндүк берет.