ЕЭК БУУнун түзүмдөрү менен кызматташтыкты бекемдөөдө

БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев менен БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОС) төрагасы Лок Бахадур Тапанын жолугушуусунда БУУнун туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартибин ишке ашырууга аймактардын кошо турган салымы боюнча маселелер талкууланды.

ЕЭК министри Комиссия интеграциялык процесстердин туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга тийгизген таасирин үзгүлтүксүз талдап турарын жана бул иштин жыйынтыктарын эл аралык өнөктөштөр менен бөлүшүүгө даяр экенин баса белгиледи. Тараптар үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды кармап турууга жана практикалык өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү багыттарын иштеп чыгууга киришүүгө макулдашышты.

Ошондой эле, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев БУУнун Калк жайгашуусу жаатындагы фондунун (ЮНФПА) аткаруучу директору Даяне Кейта менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Уюмдун Евразия экономикалык комиссиясы менен мамилелерди Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түрүндө расмийлештирүүгө кызыкдар экени белгиленди. Бирлик өлкөлөрүнүн дүйнөлүк азык-түлүк өндүрүшүндөгү алдыңкы позицияларын эске алуу менен, миграциялык агымдар жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы жана практикасы өзгөчө кызыгуу жаратат. Ушуга байланыштуу Даяне Кейта демография, миграция жана туруктуу өнүгүү жаатында биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүү, ошондой эле тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин билдирди.


Скачать исходники фотографий