Жаңылыктар

15.11.2022 (Обновлено: 24.11.2022 12:26)

ЕЭК маркаланууга тийиш болгон товарлардын топтомдоруна карата декларацияны толтуруу эрежелерин жөнөкөйлөттү

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин бир же бир нече өлкөлөрү тарабынан киргизилген товарларды маркалоо жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү бөлүгүндө товарларга декларацияны толтуруу тартибин өзгөрттү.

Кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн бири декларацияда товарлардын комплектин (топтомун) идентификациялоонун коддорун көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

"Сунушталган ыкма бизнес үчүн комплекттер менен алып келинген товарларга декларацияны толтурууну жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов.

Кабыл алынган экинчи өзгөртүү Бирликтин алкагында эрежелерди андан ары унификациялоого тиешелүү. Маркалоо бир же бир нече мамлекеттер тарабынан киргизилиши мүмкүн экендигине карабастан, маалыматтарды көрсөтүү эрежелери максималдуу түрдө жакындаштырылган болот.

"Биз идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиштүү товарларга карата маалыматтарды көрсөтүүнүн эрежелерин ырааттуулук менен унификациялап жатабыз", - деп баса белгиледи Максат Мамытканов. 


Маалымат

2019-жылдын 29-мартында күчүнө кирген 2018-жылдын 2-февралындагы ЕАЭБде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашууга ылайык, Бирликте товарларды бирдиктүү маркалоо мүмкүн же болбосо ал бир же бир нече бирликтик мамлекеттер тарабынан киргизилиши мүмкүн.

Бажы бирлигинин 2010-жылдын 20-майындагы № 257 чечими менен бекитилген Товарларга декларацияларды толтуруунун тартибине ылайык, маркалоого жаткан товарларга карата 10-номер менен контролдук (идентификациялык) белгилер жөнүндө, ал эми 13-номер менен идентификациялоо коддору жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.