Жаңылыктар

15.03.2023 (Обновлено: 16.03.2023 16:57)

ЕЭК Коллегиясы сүткө жана сүт продукциясына техрегламентке кабыл алынган өзгөртүүлөргө өткөөл жоболорду аныктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин "Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугу" жөнүндө техникалык регламентине өзгөртүүлөргө карата өткөөл жоболорду аныктады. Аталган өзгөртүүлөр Комиссиянын Кеңешинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 143 Чечими менен кабыл алынган.


Чечимдин долбоорунда өткөөл мезгил - 180 календардык күн деп аныкталган, бул мезгилде 2023-жылдын 22-сентябрына чейин берилген же кабыл алынган Бирликтин "Сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентинде белгиленген талаптарга сүт продукциясынын шайкештигин баалоо жөнүндө документтер (продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө документтер (адистештирилген тамак-аш продукциясынын бирдиктүү реестринде камтылган продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар)) жарактуу болот.

Шайкештикти баалоо жөнүндө мындай документтер болгон учурда,
180 календардык күндүн ичинде ЕАЭБдин бажы аймагында сүт продукциясын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө чыгарууга жол берилет. Даярдоочу тарабынан белгиленген жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде аны жүгүртүүгө жол берилет.

Техрегламентке өзгөртүүлөр укук колдонуу тажрыйбасынын натыйжалары боюнча техникалык регламенттин түшүнүк аппаратын оңдоо максатында киргизилген. Алар 2023-жылдын 22-сентябрында күчүнө кирет.