ЕЭК Евразия экономикалык бирлигинин статистикасы чөйрөсүндөгү негизги документтерди бекитти
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы статистикалык көрсөткүчтөрдүн тизмесин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери тарабынан Комиссияга берүү форматтарын бекитти.

2026-жылдан тартып Комиссия 420 статистикалык көрсөткүчтөр боюнча статистикалык маалыматтарды түзөт. ЕАЭБ өлкөлөрү ЕЭКке 248 формат боюнча статистикалык маалыматтарды беришет, алардын ичинен 57си айлык мезгилдүүлүк, 99у кварталдык жана 393 – жылдык мезгилдүүлүк менен берилет.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиевдин сөзү боюнча, расмий статистикалык маалыматты калыптандыруу жана жайылтуу Евразия экономикалык интеграциясынын ар кандай чөйрөлөрүндө маанилүү чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтык-аналитикалык негиз болуп кызмат кылат, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин социалдык-экономикалык өнүгүүсүн башка интеграциялык бирикмелер менен эл аралык салыштырууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
ЕЭК Коллегиясы ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын 2026-жылга карата статистикалык иштеринин программасын бекитти. Кийинки жылга 252 статистикалык басылмалар пландаштырылган, алар Комиссиянын расмий сайтында экспресс-маалымат, аналитикалык обзорлор, статистикалык таблицалар, буклеттер, бюллетендер жана жыйнактар түрүндө жайгаштырылат.