Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чечимин аткаруу максатында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Кытай Эл Республикасынан келген графиттештирилген электроддорго карата демпингге каршы чаранын параметрлерин бекитти. Беш жылдык мөөнөткө киргизилүүчү тиешелүү демпингге каршы алымдын чендери өндүрүүчүгө жараша 19,92%дан 22,51%га чейинки өлчөмдө аныкталган.
Мында Liaoning Dantan New Materials Co., Ltd. тарабынан кабыл алынган баа милдеттенмелери жактырылды, аларды аткаруу шартында тиешелүү товарларга демпингге каршы алым төлөнбөйт.
Бул товарларды Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери үчүн белгиленген ар жылдык көлөмдөрдүн чегинде демпингге каршы алымдарды төлөбөстөн ташып келүү (баа милдеттенмелеринин алкагынан тышкары) алардын максаттуу багыты ырасталганда ишке ашырылат.Ошол эле учурда алып келүүнүн ар жылдык көлөмдөрү белгиленген, алардын алкагында демпингге каршы алымдар алынбайт. "Көрсөтүлгөн көлөмдөр Армения Республикасы үчүн – 700 тоннаны, Беларусь Республикасы үчүн – 1000 тоннаны, Казакстан Республикасы үчүн – 1000 тоннаны түзөт", – деп тактады ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.