Башкы
/
Жаңылыктар
/
ЕЭК ЕАЭБде канаттуулар чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды бекитти
ЕЭК ЕАЭБде канаттуулар чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды бекитти
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечими менен "Бирликтин мүчө мамлекеттеринин канаттуулар чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча чаралардын тизмеси жөнүндө" сунуштама кабыл алынды.
"Документте Евразия экономикалык бирлигинде канаттуулар чарбасын өнүктүрүү чөйрөсүндө инновациялык иштеп чыгууларды жана технологиялык чечимдерди өздөштүрүүгө багытталган кошумча чараларды жүзөгө ашыруу каралган", – деп түшүндүрдү ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян.
Сунуштаманы ишке ашыруу өз ара сооданы, канаттуулардын этин жана канаттуулар чарбасынын продукциясынын экспортун өбөлгөлөөгө, ошондой эле тармактын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.