ЕЭК май-тоң май продукциясына карата техникалык регламенттин стандарттар тизмесин актуалдаштырылган редакцияда бекитти

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы "Май-тоң май продукциясына карата техникалык регламент" Бирликтин техникалык регламентине карата стандарттардын тизмелерин актуалдаштырылган редакцияда бекитти.


Стандарттардын тизмелеринин жаңы редакциясы Россия Федерациясынын сунуштарынын негизинде, эл аралык жана аймактык (мамлекеттер аралык) стандарттардын тизмелерин иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун тартибинин тиешелүү жоболорун эске алуу менен даярдалды.

 

Бул редакция ыктыярдуу түрдө колдонулуучу стандарттардын тизмесиндеги 22 стандартты камтыйт (18 мамлекеттер аралык стандарт, Россия Федерациясынын үч улуттук стандарты, Кыргыз Республикасынын бир улуттук стандарты). Изилдөө (сыноо) ыкмаларынын стандарттарынын тизмесине 106 документ киргизилди: 86 мамлекеттер аралык стандарт, Россия Федерациясынын беш улуттук стандарты, Беларусь Республикасынын жети мамлекеттик стандарты, Казакстан Республикасынын төрт улуттук стандарты жана төрт методика (тиешелүү мамлекеттер аралык стандарттар иштелип чыкканга чейин).

Өнөр жайды стандарттардын актуалдаштырылган тизмелери боюнча иштөөгө адаптациялоо үчүн ЕЭК Коллегиясынын аларды кабыл алуу жөнүндөгү Чечими расмий жарыяланган күндөн тартып 180 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кириши каралган.